Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:38

М.Конгантиев:"Билдирүү жасоо бейөкмөт уюмдардын бир милдети"


Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев "Азаттыкка" мындай пикирин жыйырмага жакын бейөкмөт уюмдун министр кызматынан кетсин деген талап менен президентке кайрылуусуна жооп кылып билдирди. Анын айтымында укук коргоо жана бейөкмөт уюмдар коомдо болуп жаткан ар кандай окуялар боюнча билдирүү таратып турууга укуктуу жана милдети. Кыргызстандагы бир топ укук коргоо жана бейөкмөт уюмдар кечээ президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов каза болду деген кабар тарагандан кийин президентке кайрылуу жолдоп, киши колдуу болуп өлтүрүлгөн чуулгандуу кылмыштарды, депутаттардын жоголуусун Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жеке өзүмдүн көзөмөлүмө алдым деген менен бири да ачылган жери жок, тескерисинче милиция кылмыштуулукка каршы күрөшүү атына жамынып, карапайым элге каршы чабуулга өттү деп, анын кызматтан кетүүсүн талап кылган болчу.(BD)

XS
SM
MD
LG