Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Аскер сот: айыпка генералдар, полковниктер тартылууда


16-мартка белгиленген Бишкек аскер гарнизондук сотунун кезектеги отуруму 20-мартка жылдырылды. Антишке Исмаил Исаковдун актоочу Азимбек Бекназаровдун жүйөөлү себептер менен соттун бул күнкү отурумуна катыша албай калгандыгы себеп болду. Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Исмаил Исаков баш болгон 4 генерал, полковниктер кызматынан пайдаланып, бюджеттик каражаттарды ыксыз ысыраптагандыгы үчүн айыпталууда.

Башкы прокуратуранын берген маалыматы боюнча, аскер адамдарынын мыйзамга кайчы аракеттеринен мамлекетке 4,5 миллионго бираз жете бербеген сомдук зыян келтирилген. Ишти тергөө маалында ал акчанын 1 миллион 319 миң 610 сому кайтарылган. Автоунаалар мыйзамсыз сатылгандыгы үчүн айыпталынып жаткан Балыкчы шаарындагы 20536 аскер бөлүгүнүн аскердик курал-жабдыктарга жооптуу зардал орунбасары Нурдин Каимов кыйладан бери тергөө абагында.

И.Исаковдун 100 чакты тарапкерлери сот алдына чогулушту
16-марттагы соттук отурумда Исамил Исаковдун актоочу Мукар Чолпонбаев кесиптеши Азимбек Бекназаров 17-мартка белгиленип жаткан Аксы алааматында набыт болгондорду эскерүүгө катышуу үчүн кеткенин маалымдап, анын соттук териштирүүнү 20-мартка жылдыруу өтүнүчүн жарыя кылды. Аскер соту башында мамлекеттик айыптоочунун соттук отурумду уланта берүү өтүнүчүн канааттандырып, бирок да актоочулардын мыйзам тартибин сактоо талабынан кийин мурунку чечимин өзгөртүп, соттук териштирүүнү кийинкиге жылдырууга макул болду. Айыптоочу-жактоочу тарап ортосундагы талаштын чоо-жайын Мукар Чолпонбаев момундай жагдайга байланыштуу түшүндүрдү.

- Мыйзамда ошондой жазылган. Коргоочу бул адвокат болушу мүмкүн, жакын туугандары болушу мүмкүн, коомдук уюмдардын өкүлдөрү болушу мүмкүн. Алардын баарынын укуктары бирдей. Анан соттун жүрүшү түздөн-түз жана оозеки болуш керек, деп жазылып турат. Түздөн-түз жана оозекиде сотко келчүлөрдүн баары катышуусу керек. Жактоочу сотто түздөн-түз катышчу адам.

Кызматына жөнсалды мамиле кылгандыгы үчүн айыпталынып жаткан Коргоо министринин мурдагы орунбасары, генерал-майор Борис Югай өз өмүрүн арнаган ишинин жыйынтыгы минтип соттук териштирүү менен коштолуп жатканына нааразы экенин жашырган жок.

- Буга ишенбейм! Туура, мурда ишенип келгем. Азыр эч нерсеге ишенбейм!

Аскердик соттун жүрүшүнө Кыргызстандын мурдагы Коргоо министри генерал-лейтенант Исмаил Исаков да канааттанбасын билдирди.

- Мына көпчүлүктөн коркконунан, сот ачык болгондуктан тайсалдап артка кетип, мыйзамдуулукту ордуна койгону, бул дагы менин оюмча, ошол жигиттин адамчылык сезими бардыгын байкатты.

И.Исаков тарапкерлеринин келбей коюшун суранган
Бишкек гарнизондук аскердик соттун алдында бул күнү И.Исаковду жактаган жүздөй адам жыйналып, чакырык, талаптарын жазып алып турушту. И.Исаков жактоочуларынын сот алдына келбей эле коюшун суранганын билдирди.

- Анан мунун бардыгы саясий заказ, бизде эч кандай күнөө жок. Өздөрү деле билишет ошону. Бирок ошого карабай келип алышыптыр. Бирок мен ойлойм, булар дагы көп келишет. Айтканга карабай келе беришет.

Балыкчыдагы 20636 аскер бөлүктүн мурдагы зардалы полковник Рахат Эгинбаев өмүрүнүн 24 жылын Мекен коргоого арнаганын ырастады.

- Ким эле ушуну күтсүн! Бул эми тагдырды буйругу экен. Колдон келишинче күн-түн дебей, иштеп жүрдүк. Болгон күчүмдү, аракетимди ушу мамлекет үчүн иштеп келдим. Мына эми тагдырдын буйругу деп. Менде да кемчилик бар. Кемчилик ар бир адамда бар.

Аскердик соттун жүрүшү тууралуу айыптоочу тараптын өкүлдөрү азырынча эч кандай пикир айта алышпастыгын, жыйынтыкты сот гана чыгара ала тургандыгын билдирүү менен чектелишти.

XS
SM
MD
LG