Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:19

“Мээрим булагынын” тагдырын парламенттик комиссия чечет


Бүгүн Жогорку Кеңеште “Мээрим булагы” жеке менчик балдар үйүн текшерген депутаттык комиссиянын корутунду жыйыны болот. Анда балдар үйүнүн кожоюну Гүлнара Дегенбаевага балдарды асыроого уруксаат берүү маселеси чечилет. Депутаттык комиссия Гүлнара Дегенбаевага балдардын укугун бузуп, чет өлкөлүк жарандарга сатууга аракет кылган деген кине коюп, Башкы прокуратура кылмыш ишин ачкан. Ал эми кечээ бул балдар үйүнө барган вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева жергиликтүү бийлик талашты балдардын кызыкчылыгы үчүн чечиши керек деп билдирди. Балдар үйү жайгашкан Түп районунун акими балдарды бага ала турган туугандары изделип, аларга берилсин деген токтом кабыл алган.(BD)

XS
SM
MD
LG