Парламенттин коопсуздук жана коргонуу комитети 13-мартта болгон автокырсыкка күнөөлүү делген “Ауди” автомашинасынын айдоочусу Өмүрбек Осмоновду кайтарууну күчөтүүгө жана Медет Садыркуловдун үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылууга Ички иштер министрлигин милдеттендирди. Буга “Ак жол” фракциясынын депутаты Галина Куликованын Садыркуловдун үй-бүлө мүчөлөрүнүн артынан “кызык” номердеги машиналар аңдып жүрөт деп, аларды Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге бериши себеп болду. Депутат андай машиналар буга чейин Садыркуловдун да артынан аңдып жүргөндүгүн кабарлады.(BD)