Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Түркия менен Ирак күрд согушчандарын жоюу жаатында келишишти


Түркия президенти Абдуллах Гүл жана Ирак президенти Жалал Талабани (солдон оңго)
Түркия президенти Абдуллах Гүл жана Ирак президенти Жалал Талабани (солдон оңго)

Түркиянын президенти Абдуллах Гүл Багдадга болгон иш сапары учурунда Ирак президенти Жалал Талабани менен согушчан күрддөрдүн маселесин талкуулады.

Ирактын түндүгүндөгү согушчан күрддөрдүн аракетин токтотуу тууралуу сүйлөшүү учурунда Ирак президенти «Күрдистан жумушчу партиясынын» (ПКК) эки гана жолу бар экендигин жарыялады. Биринчиси, алар куралын таштап тынч жашоого өтүшөт. Экинчиси, өлкөдөн чыгып кетүүлөрү керек болот.

Абдуллах Гүлдүн Иракка болгон иш сапары Саддам Хуссейндин доорунан кийинки ырасмий Анкара менен Багдаддын алакаларын жакшыртууга болгон алгачкы кадамы катары бааланууда.

Мындан алты жыл мурда Түркия АКШнын аскерлерине өз аймагы аркылуу Иракка кирүүсүнө уруксат бербей койгон. Анын негизги себеби, Анкара Иракта көз карандысыз күрд мамлекетинин пайда болуп кетишинен чочулаган дешет. Анткени Түркиянын өзүндөгү күрддөр да кайрадан жанданып, автономия талап кыла башташмак.

Ырасмий Анкара буга чейин Ирактын түндүгүндөгү Күрд автономиясы Түркиядагы согушчан күрддөрдү колдоп келатканын айтып келген. Түркияда террорчу уюм катары саналган «Күрдистан жумушчу партиясы» ал аймакта жашырынып жүргөнү айтылган.

Азыр да кээде күрд партизандары менен түрк куралдуу күчтөрү кагылышкан учурлар кездеше калат. Айрым учурларда күрд

Ирактын чегарасына жакын жердеги турк танктары

согушчандары бир катар шаарларда жардырууларды уюштура коюп да жүрүшөт.

Эми Түркия президенти Ирактан күрд согушчандарын куралсыздандырууну талап кылды. Өз кезегинде теги күрд Ирак президенти Жалал Талабани мындай чакырыкты колдой турганын айтты.

«ПККнын эки гана жолу бар: же куралын ташташсын, же өлкодөн чыгып кетишсин»,- деди Жалал Талабани.

Абдуллах Гүл ошондой эле Ирактагы Күрдистан автономдуу аймагынын премьер-министри Нечирван Барзани менен да жолугушуп, согушчан күрддөрдүн маселесин талкуулады. Барзани жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, согушчан күрддөр куралдарын таштай турган болсо жакшы болорун, андай кадам ташталса колдой турганын билдирди.

«Күрдистан жумушчу партиясы» 1984-жылдан бери Түркиянын аймагында автономия алуу үчүн согушуп келатат. Анын айынан бул аралыкта он миңдеген адамдар кагылыштардын курмандыгы болушту.

Азыркы тапта Анкара Ирактын түндүгүндө 2 000 чамалуу күрд согушчандары бар экенин айтып, соңку кездери Ирактын Күрдистан аймагында аскердик иш-чара уюштура калып жүрөт.

Барзани түрк президенти менен жолугуу маалында буларды айтты:

"Ирактын Күрдистан аймагынын жана баш мыйзамынын атынан мен төмөнкүлөрдү бышыктап койгум келет. Биз - коңшу өлкөлөрдүн бизге кол салуусуна себепчи болгубуз келбейт»,- деди Барзани.

Барзанинин мындай туруму Күрдистан автономиясынын күрд согушчандарынан кол үзө турганынан кабар берет дешет. Анткени эки эле жол бар: же алар согушчандардан кол үзөт, же Түркия аскерин Күрдистан автономиясына киргизет.

XS
SM
MD
LG