Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Ооганстан жана Пакистан АКШнын жаңы стратегиясын колдошту


Президент Обама АКШнын жаңы стратегиясын жарыялап жаткат, 27-март
Президент Обама АКШнын жаңы стратегиясын жарыялап жаткат, 27-март

Ооганстан менен Пакистан президент Обаманын региондо күч алып бараткан экстремисттерге каршы күрөшүү боюнча жаңы стратегиясын колдошту. Эки өлкөнүн президенттери АКШнын жаңы стратегиясын жүзөгө ашырууга улуттук өкмөттөр активдүү катышат деп билдиришти.

Ооган президенти Хамид Карзай ишемби күнү Кабылда болгон маалымат жыйынында Кошмо Штаттардын жаңы стратегиясы оогандардын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган деди:

- Мен жарыяланган жаңы стратегияны колдойм. Ооган эли күткөн нерсе болду. Ошондуктан, биз аны толук колдойбуз.

Президент Обама 27-мартта жарыялаган стратегияда АКШнын бар аракети Пакистан менен Ооганстандагы экстремисттердин жабыттарын жок кылууга багытталат. Ал үчүн Пентагон 2011-жылга чейин 134 миң Ооган аскерин жана 82 миң полициясын мыктылап машыктырып берет. Ооганстанга мурда жарыяланган 17 миң аскерге кошумча дагы 4 миң жоокер жөнөтүлөт.

Карзайдын сөзүнчө, стратегия Ооган жетекчилиги күткөндөн да жакшы болгондуктан, Ооган өкмөтү планды ишке ашырууда Вашингтонго бар жардамын аябайт. Карзай Ак үйдүн регионду стабилдештирүүгө Иранды тартуу демилгеси “Ооганстандагы кырдаалга оң таасир этет” деген үмүттө.

Исламабадда АКШнын жаңы саясаты Пакистандагы бутуна бекем тура элек демократиялык институттарды колдоону көздөйт деп баалашты. Президент Азиф Али Сардари ишемби күнү Пакистан парламентинде сүйлөп, Обаманын демилгесин “оң жышаана” деп атады:

- Мен президент Обаманын Конгресске кайрылып, Пакистанга жылына 1,5 миллиард доллар жардам берүүгө чакырганын колдойм. АКШ президенти туура кылууда.

Кабыл университетинин талдоочусу Насрулла Станекзай Вашингтондун жаңы стратегиясында Пакистандагы террорчулукту жок кылууга өзгөчө көңүл бурулганына “Азаттык” радиосуна берген интервьюда белгиледи:

- Жаңы стратегия, АКШнын жаңы администрациясы жана анын тышкы саясаты биздин региондо, өзгөчө, Пакистанды террорчулар абдан активдүү зона деп белгилешет. Мурдакы администрация илең-салаң болуп, бул маселе менен чечкиндүү иштеген эмес. Региондогу террорчулардын негизги базалары Пакистанда жайгашып, Ооганстан турсун бүтүндөй регионго коркунучтуу. Бул биздин экономикалык, социалдык өнүгүү - экстремизмге каршы күрөш деген пикирибизди колдоо.

Азыр Ооган-Пакистан чек арасында экстремисттер күч алып турган мезгил. Согушчандар жекшемби күнү Ооган чек арасына чукул жердеги Шин Камар полицияканасына кол салып, 11 полициячыны уурдап кеткенин Пакистан бийликтери кабарлашты. Жума күнү ушул аймактагы мечитте жанкечтинин бомба чабуулу 35тен ашуун динзардын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG