Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:36

Түркияда шайлоо: Секулярдык күчтөр кайрадан өйдөлөй баштады


Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган шайлоо учрунда
Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган шайлоо учрунда

Түркияда жергиликтүү шайлоолордо жалпысынан башкаруудагы «Адилеттик жана өнүгүү» партиясы же кыскача айтканда «АК» партия жеңишти камсыз кылды. Бирок исламчыл багыттагы «АК» партия жеңгени менен мурдагы шайлоого караганда азыраак добуш топтоду.

Алардын негизги атаандаштары болгон «Жумурият эл» партиясы менен «Улутчул аракет» партиясы бир катар маанилүү аймактар менен шаарларда жеңишти камсыз кылышып, азыркы бийликтин кадыр-баркы барган сайын төмөндөп баратканын жарыялашты.

Түркиянын башкарууда турган исламчыл багыттагы «АК» партиясы жергиликтүү шайлоолордо жалпысынан 39 пайыз добуш камсыз кылды. 2007-жылы жалпы 46 пайыз добушу менен элдин ишенимине татыган «АК» партиянын даражасы бул жолу төмөндөй түшкөнү байкалды.

«АК» партиянын негизги атаандашы болгон «Жумурият эл» партиясы жалпы 23 пайыздай добуш топтоп, 2007-жылга караганда күчү кыйла артып калганын көрсөттү. Ал эми шайлоолордо үчүнчү болгон «Улутчул аракет» партиясы 16 пайызды камсыз кылып, мурдагыдан көбүрөөк добуш топтоду.

Борбор шаар Анкара менен Стамбул калаасындагы шайлоолорду «АК» партиясы колдон чыгарбаганы менен Анталья, Измир, Артвин, Ыспарта, Диярбакыр сыяктуу шаарларда жеңилүү ызасын тартты.

Шайлоодо секулярдык багыттагылардын жанданганы байкалды

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган шайлоолордон кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, «АК» партиясы мурдагыдан азыраак добуш топтогонун, мындан албетте сабак алуу керектигин, ошентсе да алардын добуштары «Жумурият эл» партиясы менен «Улутчул аракет» партиясынан ашып түшөрүн айтты.

Өз сөзүндө Эрдоган «АК» партиясынын төмөндөй түшкөнүн коомчулуктун шайлоодогу эскертүүсү катары баалап, алар эске алынарын билдирди.

«Шайлоонун сандык көрсөткүчү кандай болсо-болсун, жеңген тарап элибиздин каалоосу болду, жеңген тарап демократия жана түрк саясаты болду. Ийгиликтен да жоготуудан сабак алууну, саясаттын сапатын жакшыртыш үчүн керектүү нерсе деп ойлойм. Биз элибиздин шайлоодогу кыйыр эскертүүсүн эске алабыз»,- деди «АК» партиясынын төрагасы, премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган.

Башкаруу партиясынын эл арасында абоюу төмөндөй түшкөнүн бир канча себепке байланыштырышат. Түркиялык белгилүү журналист Мурат Йеткиндин айтымында, Эрдоган дүйнөлүк экономикалык кризисти көп көзүнө илбей, элине көбүрөөк убада берип койгон. Бирок экономикалык кризис Түркияны да кыйла жабыркатып, жумушсуздардын саны кескин өсүп, өнөр-жай 21 пайызга төмөндөп, экономикалык өсүш токтоп калды.

Оппозициянын ишениминде, мындан ары башкаруудагы партиянын кадыр-баркы төмөндөөнүн гана үстүндө болот.

«Жумурият эл» партиясынын башкы катчысы Өндер Сав шайлоодон кийин буларга токтолду:

«Бүгүн - саясий бийлик чөгө баштаган күн. Мамлекеттик машине төмөн карай кулап баратат. Мындар ары да токтобой кулай бермекчи. Түрк эли жети жылдан бери өзүн бийлеп келаткан адамдардан арыла баштады»,- деди Өндер Сав.

XS
SM
MD
LG