Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

Казакстан: сырдуу окуяны иликтеген журналисттин жоголгонуна 2 жыл болду


Журналист Оралгайша Омаршанова
Журналист Оралгайша Омаршанова

30-мартта Астанада ар апта сайын чыкчу “Мыйзам жана акыйкаттык” гезитинин журналисти Оралгайша Омаршанованын дайынсыз жоголгонуна 2 жыл толду. Омаршанова айым Казакстандын түштүгүндөгү Маловодное жана Казатком кыштактарында чечендер менен казактардын кагылышуусу тууралуу макала жазгандан эки апта өтпөй жоголгон. Бул датага байланыштуу “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Жаңылыктар бөлүмүнүн улук редактору Мерхат Шарипжан сереп даярдаган.

2007-жылы 17-мартта Маловодное жана Казатком кыштагында жашаган жүздөгөн албууттанган казактар Макмахановдун үй-бүлөсүнүн үч мүчөсүн өлтүрүп, мүлкүн тартып алышкан.

Расмий маалыматтарга ылайык, 17-мартта Макмахановдун үйүн курчоого алган жүздөгөн жаш казактар бир күн мурда Макмахановдун иниси Тахир менен жаш казактын ортосунда чатак чыкканда, Макмаханов казак жигиттин бутуна аткан деп, ушуга түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Бир туугандар Макмахановдор үйдөн чыгуудан баш тартып, терезеден ок ачышкан. Натыйжада эки казак набыт болуп, дагы тогуз киши жарадар болгон. Андан соң кыжырданган казактар Макмахановдун үйүнө кирип барып, үч бир тууганды өлтүрүп, үйүн өрттөп жиберишкен.

Казакстандын көпчүлүк басма сөз каражаттары бул окуяны этникалык эки топтун кармашы катары сыпатташты. Журналист Омаршанова алардан айырмаланып, бир катар суроолорду берген биринчи журналист болду: “Эмне үчүн бир туугандар Макмахановдордун төртүнчүсү – Витта үйдө болсо да, кыжыры кайнаган казактар аны да өлтүргөн эмес? Эмне үчүн бул окуя башталаар алдында адам өлтүргөн деген шек менен 700 километр алыста жайгашкан Жезказгенде тергөөдө суралып жаткан Витта ошол күнү үйүнө кайтып келди? Ким жана кандай себеп менен аны бошоткон?” деген өңдүү суроолорду берген журналист Омаршанова.

Мындан сырткары Макмахановдордун үйү казактар тарабынан бир нече саатка курчоого алынып турганда милиция кызматкерлери кантип эле топтошкон жүздөгөн казактарды көрбөй да, ок атышууларды укпай да калды экен? Эмне үчүн чечендерди өлөөрчө сабап, үйлөрүн өрттөп жатышканда, полиция аларды коргоого аракет кылган эмес? Же кимдир бирөө Витта Макмаханов көптү билген үчүн кагылышууда аны да өлтүрүп коюшат деп үмүт кылды беле?

Мерхат Шарипжан өз баяндамасын мындай сөздөр менен улантат:

- Акыркы суроо өзгөчө маанилүү, себеби Витта Макмаханов Жезказганда таасири күчтүү 36 жаштагы казакстандык ишкер Сагит Шокпутовду өлтүргөн деп шектелген. Казакстанда жез өндүргөн “КазакМыс” компаниясынын мурдакы жетектөөчү менеджери Шокпутовду 2006-жылы 28-ноябрда үйүнүн жанынан белгисиз бирөө атып кеткен. Жезказгандын полициясы ушул эле күнү кылмышка тийешеси бар деген шек менен Витта Макмахановду камакка алган.

Дайынсыз жоголгон журналист Омаршанова Шокпутовдун өлүмү тууралуу макаласында негизги күнөөкөрдүн атын билгенин жазган эле. Маловодное жана Казаткомдо кандуу кагылышууга аз калганда, 2007-жылы 28-феврал жана 7 мартта “Мыйзам жана акыйкаттык” гезитинде эки макала жарык көргөн. Анда журналист Шокпутовдун өлүмүнө байланыштуу өз жоромолдорун жазган.

Ошол макалада журналист Омаршанова окурмандарына мындай суроо койгон: “Эмне үчүн бийлик тарабынан көзөмөлдөнгөн басма сөз каражаттары Шокпутовго кол салынаарына аз калганда аны кылмыштуу иштерге тийешеси бар деп жаза башташкан? Эмне үчүн “КазакМыс” компаниясын бир канча жыл башкарган жетекчи “жаман бала” деп сыпатталган?

Омаршанова 26-мартта жарык көргөн макаласында Маловодныйдагы кандуу окуяларга өз аныктамасын берип, чабуулга алынган үй-бүлөнүн бир мүчөсү Шокпутовдун өлүмүнө тийешеси бар деп шектелгенине окурмандардын көңүлүн бурган, деп жазат Мерхат Шарипжан өз баяндамасында.

2007-жылы 20-апрелде Омаршанова жоголгонуна үч апта өткөндөн кийин анын кесиптеши Мухит Искаков маалымат жыйынын өткөрүп, Омаршанованын макалалары жарык көргөндөн баштап, ага белгисиз бирөөлөр телефон чалып коркутканын, журналист коргонуу үчүн курал сатып алганын айткан.

Кесиптештери жана жакындары Омаршанова “КазакМыстын” чатагына жана Макмахановдорго байланыштуу өлтүрүлүшү мүмкүн деп боолгошот, деп баяндамасын аяктайт “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Жаңылыктар бөлүмүнүн улук редактору Мерхат Шарипжан.

Серепте айтылган ой-пикирлер автордуку жана сөзсүз эле “Азаттыктын” көз-карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG