Бул тууралуу“Жарандар коррупцияга каршы” уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Садыркулов парламенттик шайлоонун таза эмес өткөрүлгөнү, бийликтин кылмыш дүйнөсү менен байланышы, бийликтин ич-ара карама-каршылыктары, бизнес чөйрөсүндөгү талаш-тартыштар тууралуу маалымат алып жүргөн адам болчу. “Автокырсыктан күйүп кеткендердин бири М.Садыркуловдун сөөгүнүн ДНК экспертизасынын жыйынтыгы ачык жарыяланбай жатышында кандайдыр бир жашыруун сыр бар. Ошондуктан укук коргоо органдары тарабынан 13-марттагы Кой-Таштын жанында болгон авто кырсыктын бети толук ачылбайт”,-дейт укук коргоочу. Кечээ (30-мартта) Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Учкун Каримов жол кырсыгында күйүп кеткен сөөктөр Москвда ДНК иликтөөсүнөн өткөрүлүп, анын жыйынтыктары келгенин, бирок Бишкектеги «Манас-Технолоджи» экспертизасынын жыйынтыгы чыкмайынча бул тууралуу маалымат азырынча жарыяланбастыгын билдирген. (AJ)