Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Саммит жыйынтыгы: 1 триллион доллар бөлүнөт


“Чоң жыйырманын” лидерлери Лондондо өткөн саммитте дүйнөлүк экономикалык күрөш үчүн 1 триллион доллар бөлүүнү макулдашышты. Бул каражаттын ири бөлүгү экономикалык кризисти башынан өткөрүп жаткан өлкөлөргө жардам берүү үчүн Эл аралык валюта коруна жиберилет.

Британиянын премьер-министри Гордон Браун бул күндү “дүйнө экономикалык кризис менен күрөш үчүн бириккен күн” деп атады.

Браундун белгилешинче, дүйнө лидерлери экономиканын өсүшүн камсыз кылып, иш орундарды сактап калып, башка кризисти алдын-алууну макулдашты.

Британ өкмөт башчысы Браун лидерлердин 1 триллион доллар ажыратуу чечими тууралуу буларды айтты:

- “Чоң жыйырманын” лидерлери буга чейин болуп көрбөгөндөй макроэкономикалык стимулдаштырууну сунуш кылышты. Бул сумма кийинки жылдын соңуна чейин 5 триллион долларды түзөт жана миллиондогон иш орундарын камсыз кылат.

Шаршемби күнкү маалымат жыйынында экономикага дем берүү максатында өкмөттүк чыгымдарды көбөйтүү тууралуу АКШнын турумуна Франция менен Германия каршы чыгышкан болчу. Эки өлкө тең бюджеттик колдоолордон көрө каржы чөйрөсүн көзөмөлдөөнүн бекем чараларына өтүү зарыл деп санашат.

Президент Николя Саркози атүгүл дүйнөлүк каржы системасын кайра түзүү чечимин "талкууга жатпай турган маселе" деп чыккан.

Лондон жыйынын Саркози жаңы дүйнө түзүүнүн "тарыхый удулу" жана "XXI кылымдагы экономикалык системанын түбүн түптөө мүмкүндүгү" келген учур деп атап, аны колдон чыгарып жибергенге болбой турганын эскерткен.

Британиянын Африка, Азия жана БУУ иштери боюнча министри Марк Мэллок-Браун мырза кабарчыбыздын “Борбордук Азия менен Чыгыш Европа өлкөлөрү “Чоң жыйырманын” корутунду документине ыраазы болоор беле?” деген суроосуна мындайча жооп кайтарды:

- Ооба, алар канааттанаары бышык. Жакыр өлкөлөр, Борбордук Азияда же Африкада болобу, айтор, алардын экономикалык жагдайы өтө олуттуу маселеге айланмакчы.

Мэллок-Браундун айтымында, Эл аралык валюта корунун каржы мүмкүнчүлүгүн көбөйтүү аркылуу дүйнөдөгү каржылык кыйынчылыктарга кептелген өлкөлөргө көмөк көрсөтүүчү аймактык өнүгүү банктары да колдоого алынмакчы.

Британиянын каржы министри Алистер Дарлинг болсо, 1 триллион доллардын 250 миллиард доллары эл аралык сооданы колдоого жана 100 миллиард доллар эң жакыр өлкөлөргө жардамга жумшаларын белгиледи.

“Чоң жыйырманын” жыйыны нааразылык акциялары менен коштолуп жатты. 1-апрелде Лондондо глобалисттердин нааразылык акциялары өттү. Митингде маанай жалпысынан көтөрүңкү болгон менен, Лондондун ишкер бөлүгүндө демонстранттардын чакан бөлүгү банкка чабуул жасаганда, алар менен полиция кагылышып кетти. Чатакта 86 киши камакка алынып, бирөө каза тапкандыгы кабарланууда.


Лондон: жыйындан мурда башталган жүрүштөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00

XS
SM
MD
LG