Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Т. Сариев: Ыплас шайлоо эмне менен бүтөөрүн бийлик ойлош керек


"Ак шумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариев “Азаттыктын” таңкы маегинде оппозициянын шайлоого даярдыгы, бийлик менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө кеп салып берди.

-Темир мырза, оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын алдында азыркы мезгилде кандай милдеттер, максаттар турат?

- Эми негизгиси биз бүгүнкү абалды күн сайын байкап, улам-улам чогулуп, талкуулап жатабыз. Маселен, жума күнү чогулуп саясий окуяларга баа берип, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Иса Өмүркуловго байланыштуу билдирүүнү Бириккен элдик кыймылдын атынан даярдадык. Алдыда келе жаткан президенттик шайлоого даярдык көрүп жатабыз.

- Оппозиция лидерлеринин бири болгон Өмүрбек Текебаевдин шайлоого баруудан баш тартуусун кандай кабыл алдыңыз? Бул чечимдин оппозиция үчүн пайда, зыяны кандай?

- Биз ал маселени жума күнү талкууладык. Бул Текебаев Өмүрбектин өзүнүн, “Ата Мекен” партиясынын чечими болду. Алар жалпы кызыкчылык үчүн, бирдиктүү адамды чыгарыш үчүн Текебаев өзүнүн талапкерлигин койбойт деп айтышты. Андан башка да татыктуу адамдар бар. Ошонун тегерегинде биз сүйлөшүп жатабыз. Жакын арада, апрелдин орто чендеринде Бириккен элдик кыймыл өзүнүн талапкери тууралуу билдирет. Ошондуктан эгерде бийлик чын эле таза шайлоого барам десе, биздин талаптарды аткарыш керек. Ал талаптарды биз митингде ачык-айкын талдап, президентке кат түрүндө жөнөткөнбүз. Эгерде ал талаптар кабыл алынса бир нук менен кетет. Эгерде кабыл алынбаса, биз өзүбүздүн чечимди айтабыз.

- Бириккен элдик кыймыл бирдиктүү талапкердин ысмын “Ак жол” партиясы 11-апрелде өз талапкерин атагандан кийин атоону көздөп турат. Башка саясий күчкө кылчактап иш жүргүзүү канчалык туура?

- Эми “Ак жол” деген бийлик болуп атпайбы. Алар өздөрүнүн тактикасын аныктап алып, ошонун негизинде баратат. Биз аны эске алышыбыз керек. Аны эске албаганга болбойт. Анткени бүгүн “Ак жол” партиясы бийликке, административдик ресурска таянып, ошонун негизинде иш кылабыз деп жатат. Биз да ошого жараша иш кылышыбыз керек. Биз өзүбүздүн тактикабызды иштеп чыгышыбыз керек.

- Оппозиция лидерлерине кылмыш иши улам козголууда. Ошол эле учурда президент оппозиция менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдирүүдө. Мындай шартта сүйлөшүү мүмкүнбү?

- Эми ушунусу бизге абдан таңкалыштуу болуп жатат. Элге да түшүнүксүз болуп жатат. Президент бирди айтат. Күч органдары башканы кылып жатат. Бул жерде же президент өзүнүн оюнун кылып атат, сөздү айтып коюп, кылган иши башка. Же болбосо анын сөзү эч кимге өтпөй жатат. Бийлик органдары, өзгөчө күч органдары аны президент катары санабай сөздөрүн аткарбай жатат. Эгерде президент чын эле мамлекет башчысымын десе, анда чечкиндүү сөзүн айтып, толук буйругун бериш керек. Жок, андай болбой жатса, анда күч органдарынын башчыларын алмаштырыш керек. Ал эл башчысы, мамлекет башчысы. Анын айткан сөзү жерде калбаш керек.

А болбосо эл таңкалып жатпайбы, биз да таң калып жатабыз. Президент бирди айтат, анын катчылыгы президент даяр дейт. Ал эми ишке келгенде күч органдары таптакыр башка ишти кылып жатышат. Бул жерде маселе чыгып жатат мамлекетти ким башкарат деген. Бакиев Курманбек президент болуп башкарабы, же күч органдары, же таптакыр башка адамдар башкарабы? Анан биз айткан бийликте бир нече борбор бар деген ошондон келип чыгууда. Анткени президент өзү чечим кабыл албай калды. Анын ордуна башка адамдар чечим кабыл алып жатат.

- Президент сүйлөшүү үчүн анын алдына келүүгө оппозицияны чакырды. Баруу мүмкүнбү? Эки тарап сүйлөшүүнүн темасы боюнча орток пикир таба алабы?

- Эгерде биз берген сунуштардын тегерегинде сүйлөшөбүз десе, сүйлөшүү мүмкүн. Анткени биз мамлекеттин кызыкчылыгын, келечегин ойлоп жатабыз. Биз айтып жатабыз таза шайлоо өткөрөлү деп. Таза шайлоо өткөрүү үчүн биз койгон сунуштардын тегерегинде сүйлөшүү кылсак болот. А жок эгерде таза шайлоо өткөрбөйбүз, биз мурункудай эле кылабыз, БШКнын мүчөлөрүн алмаштырбайбыз, өкмөттүн бардык күчүн Бакиевдин жеңишин камсыз кылуу үчүн жумшайбыз десе, анда таптакыр башкача болот. Анан шайлоонун аягы эмне менен бүтөөрүн бийлик ойлош керек. Анткени негизги жоопкерчилик бийликте.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG