Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Түндүк Корея: Ким Чен Ир бийлигин бекемдөөгө киришти


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ир генералдарынын курчоосунда
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ир генералдарынын курчоосунда

Түндүк Кореянын парламенти бүгүн мамлекет башчысы Ким Чен Ирди өлкөнүн Коргонуу комитетинин төрөгасы катары кайра шайлап, коомунисттик өлкөдөгү анын бийлигин дагы бир жолу бекемдеди.

Мындай кадам ырасмий Пхеньяндын 3 200 километрге чейин учуп барган ийгиликтүү ракета сынагынан кийин эле болуп жатат. Мындан саясий жана дипломатиялык упай топтогусу келген Түндүк Корея лидеринин ракета сынагына эл аралык коомчулук бирдиктүү жооп кайтара албай жатат дешет.

Түндүк Корея парламентинин жыйынына Ким Чен Ир өзү да катышты. Былтыр жүрөгү кармап калгандан бери ал мамлекеттик жыйындарга катышпай, эл алдына чыкпай келген.

Түндүк Кореянын маалымат каражаттары Ким Чен Ирдин кайра шайланышын кубаттаган маалыматтарды байма-бай таркатышып, эми Түндүк Корея аскери менен элинин майтарылгыс эрки, өлкөнү ар балээден коргоп каларын жазышты.

Серепчилдердин баамында, 6-апрелдеги
Пхеньян жасап аткан бул иштердин бардыгы Ким Чен Ирдин саясий күч-кубатын бекемдөөгө багытталган. Ким Те-Ву.
ракета сынагы менен бүгүнкү парламенттеги окуянын байланышы бар. Сеулдагы коргонуу боюнча изилдөө институтунун окумуштуусу Ким Те-Ву мындай дейт:

«Түндүк Корея ракетасын ийгиликтүү сынап алганын пайдаланып, Пхеньянда учурда бул жаатта эмнелер болуп жатканын баса белгилеп койгусу келди. Менин оюмча, Пхеньян жасап аткан бул иштердин бардыгы Ким Чен Ирдин саясий күч-кубатын бекемдөөгө багытталган. Ким былтыр ооруп калган эле. Бирок быйыл кыйла сакайып калды. Эми кайра саясий көзөмөлүн дагы бир жолу бекемдеп койгусу келди окшойт»,- дейт Ким Те-Ву.

Түндүк Кореянын маалымат каражаттары космоско жасалма жандооч учурулганын айтып, бул жетишкендикти байма-бай даңазалап турушту. Ошол эле убакта АКШ куралдуу күчтөрү эч кандай жасалма жандоочтун изи байкалбаганын айтып жатышат.


Ким Те-Вунун айтымында, Ким Чен Ир өз элинин улуттук намысын көтөрүп, тышкы дүйнөгө да күчүн көрсөтүп койгусу келгени көрүнүп турат. Алар ракетасын кыйла аралыкка учуруп, континенттер аралык баллистикалык ракетанын деңгээлине жеткени калганын да далилдешти.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде эл аралык коомчулук Түндүк Кореянын ракета сынагына ачык, так жооп бере алган жок. АКШ, Жапония жана Түштүк Корея өлкөлөрү Түндүк Корея БУУнун баллистикалык ракета учурбоо тууралуу тыюусун бузду деп жатышат. Мындай тыюу 2006-жылы Түндүк Корея өзөктүк жана башка ракеталык сыноолорду жасагандан кийин киргизилген эле.

Эми Вашингтон, Токио жана Сеул Түндүк Кореяга юридикалык жактан бекитилген айрым кошумча чектөөлөрдү киргизип, бул өлкөгө курал сатууну тыюу салуу сунушун көтөрүшүүдө. Бирок БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги Орусия менен Кытай андай сунушка көнбөй турушат. Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров бул тууралуу мындай дейт:

«Биздин оюбузча ар кандай чектөөлөр тескерисинче жыйынтык бериши мүмкүн. Биз Коопсуздук Кеңешинин учурда иштеп жаткан чечимдеринин аткарылышы үстүндө баш оорутушубуз керек»,- деди Сергей Лавров.

Түндүк Кореянын жакын өнөктөшү болгон Кытай да чектөөлөрдү киргизүүгө макул болбой турат. Ошентип, Москва да, Бээжин да Түндүк Кореянын ракета сынагына байланыштуу ар кыл катаал чечимдерге вето коерун ырасташты.

XS
SM
MD
LG