Бул тууралуу билдирген парламенттеги СД фракциясынан депутат Иса Өмүркуловдун айтымында, Социал-демократтар партиясынын депутаттыгына талапкерлик тизмедеги Рахим Халиков жүрөгү токтоп, каза болгон. Халиков 27-марттагы митингде чыгып сүйлөп, азыркы бийликтин саясатын, коррупциялашкан системаны сынга алган. Митингден кийин анын баласын белгисиз адамдар сабап кетишип, уулу башынан жаракат алып, ооруканада дарыланып жаткан, дейт Өмүркулов. Ал ошондой эле митингде сөз сүйлөгөн СДПнын мүчөсү Фазил Турсуновду дагы белгисиз адамдар ур-токмокко алып, сабап кетишкенин кошумчалады. Бул маселе боюнча жакын арада СДП өз ара талкуулашып, билдирүү таратышарын партиянын мүчөсү Жыргалбек Турдукожоев "Азаттыкка" маалымдады. (AJ)