Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

АКШ Иран менен сүйлөшүүдөгү чечүүчү шарттан баш тартуусу мүмкүн


Иран өткөн аптада эле Исфахан провинциясында өзөктүк отун өндүрүүчү алгачкы ишканасын ачты.
Иран өткөн аптада эле Исфахан провинциясында өзөктүк отун өндүрүүчү алгачкы ишканасын ачты.

АКШ жана анын Европадагы өнөктөштөрү Иран менен өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн Вашингтон узактан бери коюп келе жаткан талаптан баш тартууну караштырууда. Бул тууралуу “Нью-Йорк Таймс” гезити жазып чыкты. Эгер ал чын эле ишке ашса, Иранга карата АКШнын мурдагы администрациясы учурундагы саясаттан чукул ажырым жасалганын көрсөтөт.

Иран менен “эч шарты жок” эле сүйлөшөрүн АКШнын азыркы президенти Барак Обама өзүнүн шайлоо өнөктүгү учурунда убада кылган. Эми “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда, балким Барак Обама азыр ошол убадасын орундатуу боюнча кадамдарды жасоодо.

Аталган басылма белгилегендей, учурда АКШ жана анын Европадагы өнөктөштөрү Вашингтондун Иран менен анын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр башталганга чейин Тегеран өзөктүк жайларынын баарын жабуусу керек деген, узактан берки талабынан баш тартуу жагын караштырууда. Эгер ушундай кадам чын эле жасалса, Иран сүйлөшүүлөр учурундагы белгилүү бир мезгил аралыгында уран байытуу программасын уланта алат.

Тегеран уран байытуу ишин токтотууга караманча көнбөгөнүнөн улам анын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелген эле. Андыктан жогорудагы сунушту максаты - Иранды сүйлөшүүлөргө тартуу. Уран байытуу өзөктүк отун өндүрүү, ага катар өзөктүк курал жасоо үчүн да жүргүзүлөт же башкача айтканда байытылган уран мына ушул эки багытта колдонула алат.

Иран өзөктүк программасынын алкагындагы иштеринин баары тынчтык максатты гана көздөйт деп ырастаганы менен АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Тегеран уран байытууну аскерий максатка буруп жиберет деп чоочулап келүүдө.

Ирандык расмий өкүлдөр уран байытуу программасын кесип өтүүгө болбой турган “кызыл сызык” деп аташкан. Германиянын “Шпигел” журналында өткөн аптада эле (10-апрель) жарыяланган интервьюсунда, президент Махмуд Ахмадинежад уран байытууну токтотуу жөнүндөгү талаптарды кайрадан четке кагуу менен “бул үчүн убакыт аяктаган”, -деп айтты.

Ирандык кээ бир эксперттердин айтымында, Ирандан уран байытууну токтотууну сүйлөшүүлөр башталганга чейин талап кыла бергендик, ал сүйлөшүүлөр башталбайт дегенди туюндурат. “Нью-Йорк Таймс”гезити европалык расмий өкүлдөргө шилтеме берип жазганына караганда, аларда АКШнын мурдагы администрациясы талап кылгандай, Иран өзөктүк жайларынын ишин токтотууга көнбөй тургандыгы боюнча “жалпы мунаса” болгон.

Шахрам Чубин – Коопсуздук саясаты боюнча Женевадагы борбордун изилдөөлөр боюнча директору. Ал “Азаттык” радиосунун перси кызматы – Фарда радиосундагы маегинде белгилегендей, балким Кошмо Штаттар да Ирандын уран байытууну токтотуусу арсар деген тыянакка келгендей:

- Бирок АКШ өзгөчө уран байытуу өзөктүк реакторго керек нерседен ары кетпөөсүнө аракеттенет жана биз буга жол берилбейт деп үмүттөнөбүз.

Ал эми Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин баш директорунун мурдагы орун басары Брано Пиллад “Фарда” радиосундагы маегинде АКШ жана Европа өлкөлөрү талкуулап жатат делген сунушту кубаттады:

- Мен буга кубанычтамын, МАГАТЭнин мурдагы расмий адамы жана иликтөөчү катары муну мен өзүмдүн каттарымда, анын ичинде Эл аралык кризис тобу үчүн жүргүзгөн иликтөөмдө сунуш кылгам. Уран байытууну толук токтотууну талап кылгандык, реалдуу эмес экенине өткөн жылдары көптөр ынанды.

Талдоочу Пиллад кошумчалагандай, Иран Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимдин кошумча протоколунун шарттарын аткаруусу керек. Ал документ МАГАТЭге өлкөнүн өзөктүк жайларына капыстан инспекция жүргүзүүсүнө мүмкүндүк берет.

Айтор, азыркы тушта эч нерсе так анык эмес. Обаманын администрациясы кабарларга караганда, Иран боюнча болочок саясатты талкуулоону улантууда.

АКШ өткөн аптада Ирандын өзөктүк программасы боюнча 5+1 деп аталган топтун алкагындагы сүйлөшүүлөргө толук катышуучу катары кошуларын жарыялаган. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия өткөн шаршембиде Лодондо болгон жыйындан кийин Иранды сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына чакырарын билдиришти. Иран ушул дүйшөмбүдө дүйнөнүн алты ири державасы менен “конструктивдүү диалогду” кубаттарын айтты. Сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтү азырынча белгилене элек.

Кабарларга караганда, ал бир нече аптанын ичинде өтүүсү мүмкүн. Бирок айрым талдоочулар Иран уран байытуу программасынан такыр баш тартпоо жөнүндөгү буга чейинки турумун кармана берсе, сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпайт деп эсептешет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG