Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Армения менен Түркиянын мамилесине эми Азербайжан тоскоол болобу?


Азырынча Армения менен Түркиянын чек аралары бири-бирине жабык.
Азырынча Армения менен Түркиянын чек аралары бири-бирине жабык.

Түркия менен Армения өз ара мамилелерин калыбына келтирүү максатында ургаалдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Анкара менен Еревандын жакындашуусу Тоолуу Карабак чатагынан улам Армения менен согуштук абалда болгон Азербайжанды тынчсыздандырып, расмий Бакы Түркияны Армения менен болгон чегарасын ачпоого чакырууда.

Бир учурда Азербайжандын мурдагы президенти маркум Гайдар Алиев Азербайжан менен Түркияны “бир улут - эки дөөлөт” деп атаган эле. 1990-жылдардын башында Армениянын Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагын басып алуусунан кийин, тектеш азери калкына тилектештиктин белгиси катары Түркия Армения менен болгон чек арасын жаап, Ереван менен дипломатиялык мамилелерди үзгөн.

Жакында АКШнын президенти Барак Обама Түркияда болгон сапары маалында Ереван менен Анкаранын ортосундагы сүйлөшүүлөр жакын арада үзүрүн берип калуусу ажеп эмес деп билдирген эле. Обама Армения менен Түркия ортосундагы “геноцид маселесине” карата шайлоо өнөктүгү учурунда баяндаган көз-карашы алмашпаганын белгилеген:

- Түркия менен Армениянын ортосундагы көп проблемаларды чечүүгө багытталган бир катар олуттуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мен АКШнын президенти катары өзүмдүн көз-карашыма кармалып калбай, тез арада оң мүнөздүү натыйжасын берүүсү күтүлгөн сүйлөшүүлөрдү колдон келишинче колдоо туура болот деген ойдомун.

Түркиянын жакын арада чегараларын ачышы мүмкүн деген кабарлар расмий Бакыны аябай туталантып, президент Илхам Алиев жана бир катар азери кызматчылар Түркияга кайрылышты. Азербайжандын басма сөз каражаттарында да Түркиянын Арменияга карата саясатын сынга алган макалалар жарыялана баштады.

Азербейжандын макулдугун албай туруп, Армения менен алакасын оңдой албай турганына көзү жеткен Анкара бийлиги эми Бакыны көндүрүүнүн арекетинде.

Дүйшөмбү күнү баш кенсеси Брюсселде жайлашкан Эл аралык кризистик топ Түркиянын дарегине билдирүү жолдоп, түрк бийлигин Армения менен чек арасынын ачылышына каршы болгон Азербайжанды эпке көндүрүп, Армения менен мамилелерди калыбына келтирүү үчүн пайда болгон бул тарыхый мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого үндөдү.

Билдирүүдө Армениядан басып алган азери жерлеринен чыгып кетүү талап кылынып, АКШнын Конгрессин “геноцид маселесин” күн тартибинен алып салууга чакырылат. Бакы да макулдугун берген абалда, алдыдагы бир канча аптанын ичинде Ереван менен Анкаранын мамилелеринде тарыхый бурулуш учур башталып калышы ажеп эмес.

Армения: Элеттиктер чек аранын ачылышына зар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00


Тасмада: Армения: Элеттиктер чек аранын ачылышына зар

Армениянын Маргара кыштагынын тургундары чектеш Түркиядагы коңшулары менен соода жүргүзө албайт, жада калса чек аранын бери жагындагы өз үлүшүндөгү жер тилкесине да оңдоп каттай алышпайт. Алар Анкара менен Еревандын мамилеси жакшырат деп үмүттөнүшөт. ZMa.

XS
SM
MD
LG