Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Обама Америкага карым-катнаштын жаңы багытына өтүүнү убада кылды


Америка өлкөлөрүнүн саммитинин башталышында Барак Обама Венсуэланын президенти Уго Чавес менен кол алышты.
Америка өлкөлөрүнүн саммитинин башталышында Барак Обама Венсуэланын президенти Уго Чавес менен кол алышты.

АКШ Америка континентинин бардык өлкөлөрү, анын ичинде Вашингтондун катаал сынчылары менен да “тең укуктуу өнөктөштүккө” умтулат. Президент Барак Обама мындай убаданы Америка өлкөлөрүнүн учурда Тринидад жана Тобаго жумуриятында өтүп жаткан саммити учурунда жасады.

АКШ президенти Барак Обаманын Латын Америкасы менен Кариб деңизинин аймагындагы өлкөлөрдүн бул саммитиндеги сөзү АКШ менен Кубанын ортосунда "кансыз согуш" доорунан бери өкүм сүрүп келе жаткан душманчыл маанай бир аз өзгөрө баштаган учурга туш келди.

Кариб аймагындагы арал мамлекет - Тринидад жана Тобагонун борбору Порт-оф-Спейн шаарында чогулган америкалык лидерлерге кайрылган сөзүндө президент Обама алар менен иштешүүдө жаңы ыкманы убада кылды:

- Биздин мамилелерде улуу же кичүү өнөктөштөр деген жок. Болгону өз ара урматка, окшош кызыкчылыктарга жана бирдей баалуулуктарга негизделген карым-катнаштар гана бар. Андыктан, мен администрациямдын тушунда сакталуучу карым-катнаштардын жаңы мезгилин баштоо үчүн ушул жердемин.

АКШ президенти сөзүндө ошондой эле өз ара мамилелердеги “жаңы башталышты” Кубага да сунуш кылып, расмий Вашингтон буга умтуларын белгиледи.

1959–жылкы революциядан бери Куба менен АКШнын ортосунда жогорку деңгээлдеги дипломатиялык мамиле калыптана элек. Вашингтон Гаванага каршы ошол эле жылы соода эмбаргосун киргизген жана ал улам жаңыртылып келет.

Эми Америка өлкөлөрүнүн 34-саммитинде АКШнын азыркы президенти өз өкмөтү Куба менен маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин каңкуулады:

- Мен өткөн эки жылда белги берип келдим жана бүгүн да кайталайм. Мен өз өкмөтүм Кубанын өкмөтү менен маселелердин кеңири чөйрөсү: баңгизаттардан - миграцияга, экономикалык маселелерден - адам укуктары, сөз эркиндиги, демократиялык реформаларга чейин сүйлөшүү жүргүзүүсүнө даярмын. Мен ачык айткым келет. Сүйлөшүүлөргө жөн эле сүйлөшүү үчүн кызыкдар эмесмин. Биз АКШ–Куба алакаларын жаңы багытка бура алабыз деген ишенимдемин.


Кубанын жетекчилиги Америка өлкөлөрүнүн азыркы саммитине катышкан жок. Анткени Куба Америка өлкөлөрүнүн уюмунан 1962-жылы эле чыгарылган.

Ушул бейшемби күнү (16-апрелде) Кубанын президенти Раул Кастро Вашингтон менен Гавананы ажыратып турган маселелердин “баары”, анын ичинде адам укуктары, саясий айыпкерлер, сөз эркиндиги боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин айткан болчу.

Мунун алдында, дүйшөмбү күнү (13-апрелде) АКШ президенти теги кубалык америкалыктардын түпкү атажуртуна каттоосуна жана ал жакка акча которуусуна коюлган чектөөлөрдү жеңилдеткен эле.

Америка өлкөлөрүнүн азыркы саммитинин жүрүшүндө Барак Обама Вашингтондун аймактагы эң каардуу сынчысы катары эсептелген Венесуэланын президенти Уго Чавес менен өзү демилгечи болуп учурашып, бири-биринин колун кармашты.

Саммиттин ачылышынан кийин кабарчылар менен маегинде Чавес АКШ президентинин кадамын жогору баалаарын айтты:

- Мени менен жакындан, түздөн–түз кол алышуусуна ыраазымын. Мындай сезимтал ишаараны четке кага албайм. Мен да мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ага сегиз жыл мурда Америка өлкөлөрүнүн Канададагы саммитинде Буш менен кол алышканда айткан эле нерсени: “Мен сиздин досуңуз болгум келет”, - дегенди айттым.

Ушул эле саммитин алдындагы билдирүүсүндө болсо Чавес “Америкага караганда демократия Кубада көбүрөөк” экенин белгилеген болчу.

Америка өлкөлөрүнүн саммити бүгүн (ишембиде) уланууда, ага катышып жаткан мамлекеттердин лидерлери экономикадагы төмөндөөнү, аймактын отун-кубатка муктаждыгына, коопсуздугуна байланышкан маселелерди талкуулайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG