Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Ооганстан: аялдар зордук-зомбулукка каршы көтөрүлдү


Полициячы айымдар шийи аялдардын укугун кемсинтүүгө жол берген мыйзамга каршы чыккан демонстрант айымдарды коргоого алды. Кабул. 2009-жылдын 15-апрели.
Полициячы айымдар шийи аялдардын укугун кемсинтүүгө жол берген мыйзамга каршы чыккан демонстрант айымдарды коргоого алды. Кабул. 2009-жылдын 15-апрели.

15-апрелде Ооганстанда жаңы нике мыйзамына каршы жана аны колдогон демонстрациялар өттү. Талиптик режимден кийинки өлкө бийлиги ушул тапта да ооган аялдарынын кеңири укуктарын камсыз кыла албай, ал түгүл мыйзамдык жактан бир нече кадам артка чегинген учурлар аял укуктарын коргогон жергиликтүү жана эл аралык коомчулукту тынчсыздантып келет.

Ооганстандын ордо шаары Кабулдун көчөлөрүнө тайманбай чыккан 200дөн ашуун аял шийи аймактары үчүн кабыл алынган жаңы мыйзам аялзатынын аброюна шек келтиргени айтылган декларация кабыл алышып, бийликтен өздөрүнүн укуктарын камсыз кылуунун талап кылышты.

Бирок бул эскичил мыйзамдык жобону колдогон топтор да болду. Аялдардын укуктарын коргогон топко каршы чыккандар аларды таш бараңга алып, ачуу сөздөрүн аяган жок.

Полиция үч чакырымдай жол басып, өлкө парламентинин имаратына чейин жеткен демонстрант аялдарды бейбаштардан коргоого алды.

Кайраттуу ооган айымдарынын катарында болгон депутат Шинкайи Карохайил айым – парламентте аялдар үчүн атайын бөлүнгөн 68 орундун биринин ээси.

Ал шаршембидеги аялдардын демократиялык чыгуусун эң олуттуу окуя катары баалады. Албетте, демонстрант айымдарды бейбаштар “сойку” жана “мастан катын” деп опузалап кыйкырган жагымсыз учурлар болгонун да ал “Гардиан” (Guardian) басылмасынын кабарчысынан жашырбады.

Аялдар өзүнүн тең укугун талап кылаары тууралуу билдирүүнүн өзү да мыкты болду”, - деди Шинкайи Карохайил айым.

Бул жүрүш болоорунун алдыңкы күнү (14-апрелде) Ооганстандагы таасирдүү шийи диниятчыларынын бири Мохаммад Асиф Мохсени өзүнүн жеке сыналгы каналы аркылуу маалымат таркатып, өлкөдөгү шийи жамааттарынын эркектерине өз бүлөсүндөгү аялзатынын өкүлдөрүн бул нааразылык демонстрациясына катышууга уруксат бербөөгө буйрук кылган.

Бирок бир катар шийи айымдар Мохсени мырзаны сынга алып, алардын өз укугун коргоп көчөгө чыгуусун тыйып салууга бул диниятчынын акысы жоктугун эскертишти.

Маалыматтарга караганда, айрым шийи кыз-келиндери Мохсенинин сыналгы аркылуу кайрылуусунан соң өз укугун коргоп көчөгө чыгууга белсенишкен.

Аялдардын экинчи бир тобу болсо ошол эле 15-апрел күнү Кабул шаарында өздөрүнүн укугун кемсинткен, шийи үй-бүлөлөрүндө күйөөнүн өз аялын зордуктоосуна жол берген талаш-тартыштуу мыйзамды жактап көчөгө чыкты.

Мыйзамдын беренелеринин биринде шийи аялга өз күйөөсүнүн уруксатысыз жөн эле короодон сыртка чыгууга да тыйуу салынат.

Президент Хамид Карзай жергиликтүү жана эл аралык коомчулуктун бүйүрүн кызыткан бул мыйзамдын долбоорун кайра карап чыгуу үчүн Адилеттик министрлигине жаңыдан тапшырма берүүгө мажбур болду (өткөн айда Карзай мырза бул мыйзамга кол коюп койгон болчу).

Август айында президенттикке кайра шайланууга талаптанган Карзай оң жактан да, сол жактан да катуу кысымга кабылып, карама-каршы чечимдерди кабыл алганы үчүн күн сайын эл алдында бедели түшүүдө.


Оогандык айымдар эскичил мыйзамды айыптайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:34 0:00



Тасма: Оогандык айымдар эскичил мыйзамды айыптайт

Кабулда жүздөгөн шийи айымдар көчөгө чыгып, күйөөсү жубайын зордогонго уруксат берген мыйзамга нааразылык билдиришти. Эскичилдер колдогон аялдардын башка бир тобу, тескерисинче, бул талаш-тартыштуу мыйзамды жактап чыкты. 15-апрел, 2009-жыл.


TT.

XS
SM
MD
LG