Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:37

Иракта өкмөт башчысын сындаган депутат парламент төрагасы болду


Aяд ал-Самарраей Ирак парламентинин төрагасы болуп калды, 2008-жыл, ноябрдагы сүрөт
Aяд ал-Самарраей Ирак парламентинин төрагасы болуп калды, 2008-жыл, ноябрдагы сүрөт

Иракта мыйзамгерлер Исламдык партиянын мүчөсү суни Аяд ал-Самарраейди паламент төрагалыгына шайлады. Ал-Самарраей шийи өкмөт башчысы Нури ал-Маликини катуу сындап келгендердин бири болчу. Фракциялардын ортосунда тиреш күчөп турганда бул эмнени билдирет?

Өткөн жекшембиде Ирак парламентинин жаңы жетекчисинин ысмы белгилүү болду. Буга чейин парламенттин финансы комитетин жетектеп келген Аяд ал-Самарраей 153 добуш менен жеңип чыкты. Анын жалгыз атаандашы Мустафа ал-Хити болгону 36 добуш алды. Ошол эле мезгилде 86 депутат добуш берген жок, же толтурулбаган бюллетен таштады. Бул тизмеде өкмөт башчысы ал-Маликинин Дава партиясынын мүчөлөрү да болду.

Жекшембидеги добуш берүүдөн кийин дини суни, улуту араб Самарраей дини шийит Маликинин өкмөтү менен кызматташууга сөз берди. Ал парламент аткаруу системасына бут тоспостон, аны менен эриш-аркак болушу керек деп айтып, буларды кошумчалады:

– Биздин саясий шарттарды реформалоо зарыл. Биринчи кезекте парламенттин реформасын колго алышыбыз керек. Эки вице-спикер, саясий блоктор жана комитеттер менен биргеликте бизге конституция ыйгарган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон процедураларды кайра карап чыгабыз.

Йост Хилтерман - Эл аралык Кризистик топтун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка программасынын директорунун орун басары. Анын пикиринде, жаңы төрага иштин көзүн билген сабырдуу адам:

– Самарраей Ирактын Исламдык партиясынын жетекчилеринин бири. Бул партиядан вице-президент Тарик ал-Хашими сыятуу ишмерлер чыккан. Бул - сабырдуу исламдык суни партиясы. Доктор Аяд ал-Самарраей абдан ойчул, өз оюн так айта билген адам. Мурдагы спикерден айырмаланып, абдан токтоо, ал парламентке мыкты жетекчиликти камсыз кылат деп ойлойм.

Парламенттин мурдагы төрагасы Махмуд ал-Машхадани кызматынан декабрда кеткен. Ал кызуу кандуу, депутаттар менен көп чырлашкан жетекчи эле.

Бирок ал-Самарраей өкмөт башчысы Нури ал-Малики менен көп талашып-тартышып келгендиги маалым, ушундан улам эки ортодо тиреш күчөшү мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Парламентте депутаттар төрагага добуш берип жаткан мезгилде Малики Ички иштер министринин жүздөгөн униформачан кызматкерлеринин алдында чыгып сүйлөп, «Иракта фракциялар аралык тиреш улуттук биримдикке залал келтирип жатат» деп эскертти.

Хилтерманндын Азаттыкка билдиришинче, Самарраей менен Маликинин ортосундагы негизги пикир келишпөөчүлүк Багдаддагы борбордук өкмөттүн ыйгарымдары канчалык кеңири болуш керек деген маселенин айланасында болмокчу:

– Доктор Аяд ал-Самарраейдин партиясы күрт азчылыгына боор тартат, Жогорку кеңешке ымалаш. Бул тараптар Иракты 2003-жылдан бери башкарып келатышпайбы. Алар жергиликтүү бийликти күч алдырууну жакташат. Өкмөт башчысы Малики болсо жергиликтүү шайлоолорго катышканда борбордук бийликти күч алдыруу платформасынан чыккан. Малики менен жаңы парламент спикеринин ортосундагы эң башкы талаш маселе ушул.

63 жаштагы Самарраей кесиби инженер, 1962-жылы Мусулман Боордоштугу деп аталган сунилердин исламдык кайра жаралуу кыймылына кирген. Саясий ишмердүүлүгүнөн улам 1980-жылдары Ирактан качууга аргасыз болгон. Андан бери Иорданда, Бириккен Араб Эмираттарында, Британияда жашап, 2003-жылы АКШ баштаган согушта Саддам Хусейн кулагандан кийин мекенине кайтып келди.

XS
SM
MD
LG