Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Келишим ичинде келише албагандар


ЖККУга кирген өлкөлөр ичара мунасагa келе албаган талаштуу маселелер деле биртоп. Борбор Азия республикалары үчүн ал суу-энергетикалык проблемага байланса, уюмдун башка мүчөлөрү үчүн Орусия өз алдынчалыгын тааныган Түштүк Осетия, Абхазия маселеси турат.

Уюмдун башкатчысы Николай Бордюжа Жамааттык коопсуздук келишимине мүчө өлкөлөрдүн кийинки жыйынына Өзбекстандын катышпай коюшу өкүнүч жараткандан башкага жарабастыгын Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.

- Суу-энергетика боюнча Өзбекстан менен Тажикстандын, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чынында эле карама-каршылыктар болуп келген, болуп да жатат. Анын үстүндө ушу тапта жогорку бийлик жетекчилери иштеп жатышат. Менин билишимде мына ушул проблемалар боюнча тийиштүү кеңешме өткөнү турат. Ал жерде талкуу болот. Бирок мен бул карама-каршылыктар кандайдыр бир жол менен биздин мамиле-катышыбызга таасирин тийгизет, деп айтыштан алысмын.

Өзбекстандын Евразия экономикалык кызматташуу уюмунан чыгып, Жамааттык коопсуздук келишимине карата салкын-суз мамилеге өтүшүн айрым саясат таануучулар Орусия таасиринен чыгуу аракети катары баалашууда. Анын үстүнө Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөр тынчы жок Кавказ чөлкөмүндөгү дагы бир кылдат мамилени талап кылган Түштүк Осетия, Абхазия маселеси боюнча да Орусиянын позициясын колдоор же колдобосун ачык билдире албай келатышат. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкатчысы Николай Бордюжа быйыл май айында өтүшү болжолдонуп жаткан НАТОнун Грузиядагы машыгууларын мындайча сыпаттады.

- Грузияда машыгууларды өткөрүү, болгондо да бир жыл мурун канабайрамды баштап, Түштүк Осетия менен Абхазиядагы өзүнүн жарандарына каршы уруш ачкан Саакашвили режимин апачык колдоону көрсөтөт. Бул Кавказдагы кырдаалды курчуткандан башкага жарабайт. Ошондуктан НАТОнун алдагыдай позициясы кыска ойлуулук деп туура бааланган, мен аны чагымчылык деп атар элем.

Журналисттердин “Манас” аба базасы тууралуу суроосуна жооп берген Кыргызстандын коопсуздук кеңеш катчысы Адахан Мадумаров ортолук келишим негизинде чет элдик аскерлер белгиленген мөөнөттө чыгарыла тургандыгын ырастады.

- Тийиштүү чечимдер кабыл алынган. Ошону менен бүттү. Ал эми башка бирөөлөргө кайсы бир объекттерди берүү же “Манас” аэропорту жөнүндө сөз болсо “Манас” жарандык эларалык аэропорт катары кала берет.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкатчысы Николай Бордюжа Канттагы орусиялык авиабаза жаңы учактар менен толукталарын, сапаттык жагынан жаңыланарын кабарлады.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, орусиялык жетекчилердин алдагыдай убадасы дайым эле аткарыла бербейт. Анын үстүнө Канттагы аскер базасынын Кыргызстанга пайдасы деле жок.

- Мына Өзбекстан эмне үчүн ЕврАзЭШтеги кызматташтыгын токтотуп, ЖККУдан чыгууга даяр болуп турат, дегенде бул уюмдардын таасирдүүлүгү жок, бул уюмдардан реалдуу пайда жок. Ошон үчүн декларативдүү уюмдар болуп, буякта булар биздин таасирибизде, деген сөздөр болуп келген.

Орозбек Молдалиевдин ырасташынча, Орусия таасиринен чыга албаган Кыргызстан АКШ Ооганстандагы абалды жөнгө салуу аракетин күчөтүп жаткан чакта “Манастагы” эларалык антитерррордук күчтөрдү чыгаруу чечимин чыгарып отурат. Ошол себептүү АКШ Ооганстанга ташып жеткирчү жөнжай жүктөрүнө жол ачып берүүнү эң алды Орусия менен кеңешип, ортолук маселелерди чечүүгө киришти.

Жаматтык коопсуздук келишими уюмунун башкатчысы 21-апрелде Ош менен Гүлчөдө болуп, Ооганстандан ташылып өтүп жаткан баңгизаттарына бөгөт коюу маселелерин күч кызмат өкүлдөрү менен талкууламакчы.

XS
SM
MD
LG