Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Автоунаалар 1-майга чейин салык каттоосунан өткөрүлүшү керек


Ага чейин салык каттоосунан өтпөгөн автоунаа ээлери административдик негизде жаза айыпка тартылышат. Бул тууралуу салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин башкармалык башчысы Майрамбек Ажыбаев журналисттерге билдирди. Автоунаасын салык каттоосунан өткөрүүнү каалаган адамдар өздүк салык номуру тууралуу маалыматты, паспортун жана автомобилдин техникалык паспортун алып, салык органдарына кайрылууга тийиш. Мындан тышкары автоунааларды салык каттоосунан МАИнин техникалык көзөмөл жасоочу түйүндөрүндө да өткөрүүгө болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG