Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Эне тилин билбеген башка элдин тарыхын окуйт...


Башкыртстан. Билим берүү боюнча федералдык мыйзамды өзгөртүүнү талап кылган митинг. Уфа.
Башкыртстан. Билим берүү боюнча федералдык мыйзамды өзгөртүүнү талап кылган митинг. Уфа.

Ар бир элдин тили, тарыхы жана маданияты улуттун айрылгыс бир компоненти саналат. Башкыртстандын борбору Уфада өткөн митингдин катышуучулары Москвадан мектептерде “улуттук компонентке” тиешеси бар сабактарды окутуу РФнын курамына кирген ар бир жумурияттын ыктыярында болсун деп талап кылышты.

Көп улуттарды коркуткан мыйзам

Уфада ишембиде, 18-апрель күнү өткөн митингдин катышуучулары “Шовинисттер жоголсун!”, “Тил болбосо, эл жок”, “Укук-региондорго!”, Эне тилди сактайбыз!”, Билим берүү системасына регионалдык компонент кайтарылсын!” деген ураан жазылган тасмаларды көтөрүп жүрүштү.

Жыйындын демилгечиси - Башкырлардын дүйнөлүк курултайынын төрагасы Румил Азнабаев “Азаттыктын” Татар-Башкыр кызматына берген интервьюда мындай деди:


Саясый
Москва бул демонстрациядан кийин улуттук республикалардын билим берүү жаатындагы укугун кеңейтүүгө макул болобу?
чарага Башкыртстандагы татарлардын, башкырлардын, мордвалардын, чуваштардын, украиндердин жана дагстандыктардын уюмдары катышты.

Алар улуттук компоненттерди кайтарууну жана ар бир элдин тилин сактоону талап кылышты”.

Россиянын маалымат булактары Уфадагы митингге Башкыртстанда жашаган кыргыздардын коому да катышканын маалымдашты.

Жыйынга келгендер Москванын улут саясатын катуу сындашып, “Билим берүү жөнүндөгү” жаңы мыйзамга “регионалдык компонентти” кайтарууну талап кылышты.

Мурда гуманитардык сабактарды окутуу үч
"Ар бир эл өзүнүн ким экенин, өз тегин жана тамырын билип жашаса, ал күчтүү болот." Р. Азнабаев. Башкырлардын дүйнөлүк курултайынын төрагасы.
деңгээлде: федералдык, улуттук-регионалдык жана билим берүү мекемесинин деңгээлинде каралса, 2009-жылкы стандарт боюнча гуманитардык предметтерди окутууну Россия Федерациясынын билим берүү министрлиги гана аныктап калган.

Бул жобо Россиянын түпкү элдеринин өз тилин, маданиятын жана тарыхын терең окутууга мүмкүндүк бербей тургандыгы тууралуу митингде таасын айтылды, дейт Азнабаев.

Өз тилин билбеген башка элдин тарыхын окуйт...

Былтыр 309-федералдык мыйзам кабыл алынып, ал орто мектептерде мамлекеттик билим берүүнүн түшүнүгүн жана түзүмүн өзгөрткөндө Татарстандын жетекчилиги ага нааразылык билдирген.

18-ноябрда Казанда Москвадан келген сыйлуу жетекчилер менен өткөн кездешүүдө Татарстан президенти Минтемир Шаймиев мыйзам “улуттук тилдерди сактоо жана өнүктүрүүгө башмыйзам берген кепилдикти” жокко чыгарганын, “кимдир бирөөлөргө өлкөдөгү элдердин тили жетерлик тез жоголбой жаткандай көрүнгөнүн” кесе айткан.

Ошондой эле ал аталган мыйзам таалим-тарбия, билим берүү,илим, дене тарбия жана маданият федералдык жана регионалдык бийликтин чогуу башкаруусунда деп аныктаган Россиянын Конституциянын жобосуна каршы келерин Кремлдин өкүлдөрүнүн эсине салган.

Румил Азнабаев Россиядагы улуттук азчылыктардын өз тилдерин окутпай калышына "бийлик вертикалы зарыл" деп коюп, баарын Москвадан башкаруну каалаган унитаристтер кызыкдар деген пикирде. Анткени, эне тилин, өз тарыхын билбеген эл башка улуттун тарыхын окуп калат:

" Унитаристтер көрүп турушат. Мындай мыйзамды чыгаруу - аларга пайда. Себеби, тилин, өз тарыхын билбеген калк бөлөк тилди, бөтөн элдин тарыхын окууга тийиш болот. Ар бир эл өзүнүн ким экенин, өз тегин жана тамырын билип жашаса, ал күчтүү болот."

Улуттук компонентти федералдык стандарттан алып салган мыйзам чыккандан жарым жыл илгери, 2008-жылдын 28-июнда Финн-угор элдеринин дүйнөлүк 5-курултайында сүйлөгөн сөзүндө Россиянын президенти Дмитрий Медведев:

Россия мамлекетинин тарыхый өнүгүүсү кандайдыр бир деңгээлде этномаданий жана көпдиндүү чөйрөнүн байлыгына жана мурас-дөөлөттөрүнө, бир мамлекетте 160тан ашуун элдердин кылымдар бою ынтымакта жашоо тажрыйбасына негизделген”, деп мактанган.

Финн-угор тилине ким күйөт?

“Азаттыктын” Брюсселдеги кабарчысы Аахто Лобякастын айтышынча, 309-федералдык мыйзам Россияда жашаган 3 миллион сандуу финн-угор элдеринин болочогу үчүн коркунучтуу экенине аларга тектеш Финляндия, Мажарстан, Эстониянын коомчулугу назар салган эмес. Фин президенти Тарйя Халонен 20-апрелде Россия президенти Хельсинкиге келгенде да агайиндеринин абалы жөнүндө кеп козгободу, дейт Лобякас:

- Таң калычтуусу, “улуттук компонентти” Россиянын федералдык мыйзамынан алып салуунун коркунучу жөнүндө апта башында президент Медведев Хельсинкиде болгондо сөз козголбоду. Маселе финн-угор элдеринин көч башы саналган Финляндияда коомчулук алдында айтылбады. Бул маселеге Россиядан тыш өлкөлөр маани бербеген сыяктуу.

Дагстан: Эне тилди мыкты окуткан мугалим сынагы

Эне тил маселеси көп улуттуу Дагстан үчүн да чоң проблема. Биринчиден, Дагстан жазуучусу Муртазали Дугричиловдун сөзүнчө, мектепте эне тил төртүнчү класска чейин гана окутулуп, андан кийин сабак орус тилинде жүрөт. Экинчиден, шаарлык мектептер көп улуттуу болгондуктан, кайсы бир тилге артыкчылык берүүгө ата-энелер анча ынашпайт, дейт Дугричилов:

- Дагстанда түрдүү этностук топтор жашагандыктан, балдарга өз эне тилинде сабак берүү техникалык жактан өтө кыйын. Айыл жеринде баладарды эне тилинде окутуу мүмкүн. Бирок, шаар жеринде бир класста кеминде он улуттун балдары окуган шартта, балдарды (аз сандуу элдин) эне тилинде окутуу мүмкүн да эмес.

Ушундай жагдайдан улам өз учурунда Дагстанда араб, түрк, орус тилдери орток тил катары колдонулган. Атүгүл 2007-жылы Дагстан парламентинде жергиликтүү тилдерди эмес, орус тилин тереңдетип үйрөтүү жөнүндө маселе көтөрүлгөн.

Муртазали Дугричилов 2009-жылдан тарта эне тилди окутуу боюнча мугалимдер арасында конкурс өткөрүлө баштаганын оң жышаан деп баалайт:

"Өткөн жылдын аягынан тартып, Дагстандын мектептеринде эне тил милдеттүү окутула баштады. Эне тилди окутуу боюнча жылдын мыкты мугалими деген сынак да өткөрүлчү болду."

"Россия өкмөтү өлкөдөгү түптүү элдерди, өзгөчө, татарлар менен башкырлардын тынчын алган 309-федералдык мыйзамга “улуттук компонент” деген түшүнүктү кайра кайтарабы?

Же расмий Москва менен Орусиядагы 21 улуттук республика бийликтери мектептерде окутулчу гуманитардык предметтердин саатын сүйлөшүп аныктайт деп, мыйзамды ошол бойдон өзгөртпөй калтырабы?

Мыйзам өзгөртүүсүз калтырылса, автономиялык аймактардагы кээ бир суу жүрөк жетекчилер балдарды өз эне тилинде окутууга, өз тарыхын билүүсүнө совет заманындагыдай анча этибар беришпей калышы да ыктымал. Бул, Пермь облусунун муфтийи Азрети Мухаммедгали Гузиндин айтымында, татар жана башка элдерди “Өз тарыхын жана тегин билбеген дөдөйгө” айлантат.

XS
SM
MD
LG