Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Апта:Оппозициянын талапкерлери, Сариевдин четтеши, Кумтөрдүн чечилиши, “Ак жолдун” ички чыры


Оппозиция президенттикке бирдиктүү талапкерин жарыялады. Өкмөт Кумтөр боюнча жаңы келишимге жетишти. “Ак жол” партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Элмира Ибраимова президентке кайрылуу менен чыкты.

Оппозициянын эки талапкери, Т.Сариевдин четтеши

20-апрелде Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлери маалымат жыйынын өткөрүп, анда оппозициядан президенттикке Алмазбек Атамбаев бирдиктүү талапкер катары тандалып алынганын жарыялады. Мына ошол эле маалымат жыйынында Исмаил Исаков оппозициялык коштоочу талапкер экени айтылды.

25-апрелде Аламүдүн районундагы Арашан айылында оппозиция курултай чакырып, ал жерде Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаковдун президенттикке талапкерлиги курултай тарабынан көрсөтүлдү. Талапкерлерди тандоо оңой болбогонун курултайды
уюштуруу боюнча штаб башчысы Болотбек Шерниязов билдирди:

- Бириккен Элдик Кыймыл президенттикке талапкер катары Алмаз Атамбаевди көрсөттү. Экинчи талапкер катары Исмаил Исаков аталды. Бул талапкерлерди тандоодо бир пикирге келиш кыйын болду. Бирок биз бир гана принцип менен алдыга жылайлы дедик, Бакиевдин системасына каршы күрөштө баарыбыз бир болойлу дедик. Кеп талапкерде эмес. Эгерде Алмаз Атамбаевди тандап алыпсыңар, анда мен каршымын деп чыккан кээ бир оппозиционерлерге айтаарым, анда силер оппозиционер эмессиңер. Биздин элдин азыркы мүдөөсү Бакиевдин системасы менен күрөшүү.

Саясат таануучу Марс Сариев оппозициянын курултайы дурус деңгээлде өткөнүн билдирди:

- Мен курултайда болдум. Саат 12ге чейин катыштым. Чын эле эл көп экен. Үч миңден ашык. Түштүк аймактан колдобойт дешти эле, бирок Каракулжа, Алай, Жалал-Абад, Баткенден делегаттар көп келип, сүйлөштү. Кыргызстандын интеллегенциясы, эл жазуучулары да колдоп, сөз сүйлөштү. Мен ойлоймун, Атамбаев менен Исаковду колдогондор мындан да көбөйөт. Курултай жалпысынан жакшы өттү, деген Марс Сариев Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаков бийлик үчүн олуттуу атаандаш болоорун белгиледи.

Бирок курултайга “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев катышкан жок. Ал май айынын башында өз партиясынын курултайын чакырып, мына ошондо президенттик шайлоого өз алдынча баруу, же башка кадам жасоо маселесин чечмекчи.

“Ак шумкар” партиясынын лидеринин алдында учурда төрт багыттуу жол турат. Темир Сариев ал жолдордун кайсы бирине түшөөрү азырынча белгисиз. Сариевдин биринчи жолу, бул- БЭК көрсөткөн талапкерди колдоп чыгуу. Бирок иш жүзүндө Атамбаев-Текебаев тандеми болгон БЭКтин долбоорун колдоо Сариев үчүн жеңил эмес. Анын үстүнө ал бир убакта Атамбаевдын Социал-демократиялык партиясынан кеткен жайы бар. Кайра келүү жеңил болбойт. Анын үстүнө Атамбаевдин бийлик менен кызматташкан карама-каршылыктуу жактары оппозициянын талапкеринин жеңишке жетишүүсүнө терс таасир этет деген ой да Сариевде болуш керек.
Сариев үчүн экинчи жол, бул Исмаил Исаков менен тандемге барып, өзүнчө олуттуу оюн жүргүзүү.
Үчүнчүсү, бийлик менен соодалашып, премьер-министрлик кызматка жетишүү.
Төртүнчү жол, бул-өзүнүн талапкерлигин президенттикке коюу. Темир мырза бул жолдордун кайсы бирин тандайт, ал жакында айкын болот.

Марс Сариевдин пикиринде, Темир Сариевдин өзүнчө кетүүсү оппозиция үчүн зыяндуу:

- Мындай ойлоп көрсөк, Темир Сариевдин өзүнчө кеткени туура эмес. Эми оппозиция биригип бир лидерди чыгарыш керек болчу. Эми анын кеткени оппозицияга зыян. Антпеш керек эле. Эмнеге андай болгонун түшүнбөй жатам.

Бийликтин шайлоо алдында “боенуп-түзөнүүсү”

Бийлик шайлоодо бетке чиркөө боло турган иштерди оңдоо, түзөө, же айрым иштерге ошондой өң берүү жолуна түшө баштады.

Алгач өлкөнүн түндүк аймагында электр жарыгын өчүрүүлөр токтотулду. Курманбек Бакиев үчүн түндүктөн оппозиция күчтүү экенин эске алганда, эмне себептен өлкөнүн ушул регионунда электр кубатын туруктуу берүү тандалып алынганы түшүнүктүү. А негизи азыркы мезгилде Токтогул суу сактагычында 6.3 миллион куб метр суу калганы маалым. Былтыр бул мезгилде суу андан азыраак болчу. Анда бийлик айгай салып, “тезек терүү” демилгесин көтөрүп, өлкөнүн бардык аймактарында өчүрүүлөрдү тегиз баштаган.
Быйыл болсо өткөн жылдан айырмаланып, шайлоо кампаниясы башталып олтурат...

“Боенуп-түзөнүү” багытындагы бийликтин кийинки кадамы Кумтөргө байланыштуу болду. Белгилүү болгондой жаңы бийлик келген төрт жылдан бери Кумтөр боюнча Акаев-Танаевдик коррупциялык келишим өзгөрүүсүз, мурунку калыбында иштеп келди. Эми мына жуп шайлоо алдында өзгөртүлдү.
Өкмөт жаңы келишимди жактырган жыйынын 24-апрелде өткөрдү. Эми ал келишимди парламент кароого тийиш.

Кумтөр алтын кени боюнча канадалыктар менен көп жылдан бери кармашып келаткан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков жаңы келишимди оң баалап, Кумтөргө байланыштуу сотко берилген доо арыздарын кайра чакырып аларын билдирди:

- Бул келишим ратификациялангандан кийин өкмөттү сотко берген арыздарымды кайра алам. Анда сырткары лицензия боюнча, жер салыгы боюнча Жогорку Соттогу арыздарымды да кайра алам. Себеби жер салыгы үчүн дээрлик бир миллиард сом төлөнүп жатат. Ал акчадан райондук бюджетке да түшөт.

Жаңы келишимге ылайык Кумтөргө ээлик кылган “Центарра голд инк” компаниясынын 33% акциясы Кыргызстанга таандык болот. Келишимге чейин Кыргызстандын акциясы 15.66% гана болгон. Жаңы келишимге ылайык канадалыктар чыгарылган продукциядан 18% салык төлөшөт. Бул деген расмий адамдар түшүндүргөндөй, эгерде “Центерра голд инк” 100 миллион долларга продукция чыгарса, анда 18 миллион долларды Кыргызстанга салык иретинде төлөйт дегенди билдирет.
Президент Курманбек Бакиев, өкмөт башчы Игорь Чудинов келишимге жетишүүнү жогору баалашты.

Шайлоо алдында бийлик идеология багытында да жүрүш жасап, президент “Акылга салынган баланс” идеологиясын жарыялады. Бул идеология Курманбек Бакиевдин шайлоо кампаниясынын саясий урааны болуп, буга чейин унутта калып келген адам укуктары, демократия өңдүү түшүнүктөргө алар үчүн да жат эмес экенин көрсөтмөкчү.

Бийликтин кийинки кадамдары

Булардан сырткары бийлик өз таянычы болгон “Ак жол” партиясынын курултайына даярдыктарды күчөттү. Курултай алдында анча-мынча ишенимсиз адамдардан арылууга аракет жасалды.
Курултайда бөлүнүп-жарылууларга жол бербеш үчүн “Ак жолдун” төрагасынын милдетин аткаруучу Элмира Ибраимова партиянын катарынан чыгарылды.

Белгилүү болгондой Элмира Ибраимова бейшемби күнү президентке кайрылуу менен чыгып, анда жаңы бийлик үмүттү актабагынын, коррупциялык система, үй-бүлөлүк башкаруу ордунда калып, криминал, өлтүрүүлөр күчөгөнүн белгилеген. Бул абалга президент жооп берүүгө тийиш деген Элмира Ибраимова, партиялаштарын курултайда талапкер көрсөтүүгө шашпоого үндөдү.

Элмира Ибраимованын мындай чакырыгына жооп “Ак жол” партиясынын саясий кеңешинин 25-апрелдеги жыйынында берилди. Анда Элмира Ибраимованы партиянын катарынан чыгаруу чечими кабыл алынды. Ал чечим тууралуу партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Табылды Орозалиев буларды билдирди:

- Саясий кеңеште Элмира Ибраимованын кадамына саясий баа бердик. Ал киши мындан кийин биздин арабызда боло албайт деп, партиянын катарынан чыгардык. Саясий кеңештин чечими менен партиядан чыгарылды. Себеби жанагындай билдирүү жасап жаткандан кийин ошондой чечим кабыл алынды. Анын өзүнүн моралдык жоопкерчилиги болуш керек да. Мисалы, үчүн Курманбек Салиевич аны даярдаган экен. Убагында АРИСтин директору кылып, андан кийин ал кишинин сунушу менен фракциянын жетекчиси болду. Анан вице-премьер-министр болду. Орун басар болуп партияны жетектеди. Мына ушул иштерде ал өзүнүн салымын кошуш керек эле.Анан бүт баарын президентке оодара салып, жооп берсин дегени моралдык жактан да туура эмес да. Өзү кайда? Өзүнүн жоопкерчилиги кайда?

Саясий кеңештин жыйынына Элмира Ибраимова да чакырылып, ал ага катышты.

Ибраимованын айтымында, саясий кеңештин жыйынында аны жабыла айыпташып, президентке жана партияга жалаа жапты деп күнөөлөшкөн. Бирок ал өзү азырынча келерки саясий кадамы кандай болоорун айта албайт. Ал үчүн убакыт керек.

Саясий кеңештин жыйынында андан сырткары “Ак жол” партиясынын 1-майга белгиленген курултайынын күн тартиби бекитилди . Күн тартибине коюлган маселелер тууралуу Табылды Орозалиев буларды билдирди:

-Күн тартибинде президенттикке өзүбүздүн талапкерди көрсөтүү бар. Андан сырткары партиябыздын түзүлүп, иштегенине бир жылдан ашык убакыт болуп калды. Ошол мезгилде жасалган иштер боюнча отчет берилет. Эмнеге жетиштик, эмнеге жетишпедик, кандай ката кетирдик мына ошолордун баарын талдайбыз. Талапкерди көрсөтүүдө болсо шайлоого карата партиянын жана биздин талапкердин платформасын аныктайбыз. Анан үчүнчү маселебиз, уставга өзгөртүү киргизүү.

Мына ошентип, өтүп бараткан жумада оппозиция талапкерлерин атап, президенттик кызмат үчүн күрөшүн жарыялады. Эми кийинки жумада бийлик өзүнүн талапкерин тандамакчы. Андан кийин талапкерлердин таймашы кызуу жолуна түшө берет.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG