Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

М.Конгантиев: Петровка чатагы боюнча иш Коопсуздук комитетине берилди


Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Жогорку Кеңештин Коопсуздук, коргонуу комитетинин отурумунда билдирди. Министр отурумда Петровкада кечээ болгон окуя боюнча маалымат берди. Министрдин айтымында жаңжалга аралашты деп саналган сексен чамалаш киши Бишкектеги тескеп, кайра бөлүштүрүүчү жайга жеткирилген. Учурда алардын ишин Москва районунан көчмө сот келип, административдик тартипте карап жатат. Факт боюнча козголгон кылмыш иши боюнча Башкы прокуратура, Улуттук Коопсуздук комитети жана ИИМдин биргелешкен тергөө тобу иштеп жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG