Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Freedom House: Кризис басма сөз эркиндигин чектеди


Глобалдык экономикадагы кризис дүйнөдөгү сөз эркиндигине да терс кесепетин тийгизгени Фридом Хаус уюмунун жылдык баяндамасында айтылат. Анда Кыргызстан кайрадан “эркин эмес” өлкөлөрдүн тизмесине кирип, рейтинги эки баскычка төмөндөгөн.

Баш кеңсеси АКШда жайгашкан Фридом Хаустун “Басма сөз эркиндиги - 2009” деп аталган баяндамасы Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү – 3-майды утурлай жарыяланды. Иликтөөдө камтылган 195 өлкөнүн ичинен Фридом Хаус быйыл 70ине (36%) “эркин”, 61ине (31%) “жарым-жартылай эркин”, 64үнө (33%) “эркин эмес” деген баа берген. Быйылкы иликтөөнүн тыянактарына караганда, дүйнө калкынын 17%ы гана басма сөз эркиндиги бар өлкөлөрдө жашайт.

Басма сөз эркиндиги кай чөлкөмдө болбосун кедеринен кетти

Баяндамада айтылгандай, дүйнөдөгү каржы кризиси кай жерде болбосун маалымат каражаттар чөйрөсүнө терс кесепетин тийгизди. Бирок дүйнөнүн ачык коомдорунда басма сөз эркиндиги каржылоо азайганынын таасирин сезсе, сөз эркиндиги мурдатан эле кысмакталган өлкөлөрдө кризис бийликтин маалымат каражаттары үстүнөн көзөмөлүн күчөтүүсүнө кошумча мүмкүнчүлүк жаратты. Өзгөчө эски совет аймагында соңку жылдары басма сөз эркиндигинин абалы акырындык, бирок туруктуулук менен начарлап келе жатты эле, экономикадагы кыйсыпыр бул тенденцияны күчөттү.

Фридом Хаустун иликтөөсүндө маалымат каражаттарынын иштөөсүнүн укуктук негиздери, маалымат таратууда саясий кысымдын таасири канчалык экендиги жана маалымат алууга таасир берген экономикалык факторлор эсепке алынат. Ар бир өлкөгө бирден жүзгө чейин упай ыйгаруу аркылуу анын жалпы тизмедеги орду аныкталат. 100 упай алган өлкөдө басма сөз эркиндиги боюнча абал эң начар деп эсепелинет.

Кыргызстан эки баскычка ылдый түштү

Фридом Хаус былтыркы баяндамасында Кыргызстанды “эркин эмес” өлкөлөрдүн тизмесине кошуу менен 156-орунга жайгаштырып, 70 упай ыйгарган болчу. Быйыл болсо Кыргызстан тизмеден эки тепкичке ылдыйлап, 158-орунга түшүү менен 72 упай алган.

Баяндаманын авторлорунун бири, Фридом Хаустун изилдөөлөр боюнча директору Кристофер Уолкер мунун себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:
Кристофер Уолкер
- Бул көбүнесе “Азаттык жана Эркин Европа” радиосу мамлекеттик радиоуктуруунун толкунунан четтетилгенинин натыйжасы болду. Анын алдында болсо биз өлкөдөгү көз карандысыз маалымат каражаттары катуу кысымга кабылганын көрдүк.

Кыргыз Улуттук телерадиосу менен 2005-жылдан тарта эки тараптуу келишимдин негизинде кызматташып келген “Азаттык” радиосу ободон былтыр октябрда алынган болчу.


Эски совет аймагынан эки гана өлкө “жарым-жартылай эркин”

Фридом Хаус Балтика өлкөлөрүн кошпогондо мурдагы СССРдин 12 республикасынын экөөсүнө: Украина менен Грузияга гана басма сөз эркиндиги жагынан “жарым-жартылай эркин “ деген аныктама берген. Кристофер Уолкер мындай дейт:

- Басма сөз эркиндигинин аймактагы багыты мурдагы Советтер Бирлигинде эркин эмес чөйрөнүн чыңдалып жатканын көргөзүүдө. Глобалдык экономика көз карандысыз маалымат каражаттарынын саламаттыгына таасир тийгизип жаткан кезде мунун олуттуу кесепети бар. Демек, менимче мурдагы Советтер Бирлигинин аймагында ансыз деле жараланган медиа чөйрөдө көз карандысыз маалымат каражаттарынын иштеп кетүү мүмкүнчүлүгү чоң суроо туудурууда деп айтсак туура болот.

“Фридом Хаустун” быйылкы тизмесинде Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан менен Тажикстан 168, Өзбекстан 189, Түркмөнстан 193-орунда. Орусия болсо тизмеден 174-орунду ээлеген. Фридом Хаус Орусияны басма сөз эркиндиги жагынан “жарым-жартылай эркин” өлкөлөрдүн катарынан “эркин эмес” өлкөлөрдүн тизмесине 2003-жылы жылдырган эле. Уюмдун изилдөөлөр боюнча директор Кристофер Уолкер мындайт дейт:

- Орусияда акыркы бир нече жылдын аралыгында, анын ичинде былтыр биз көргөн нерсе – маалымат каражаттарынын системалуу жана ыраттуу түрдө кысылуусу. Былтыр Орусия ошондой эле маалымат каржаттарынын эркиндигин кепилдеген көз карандысыз сот системасынын жоктугунан, өзүн-өзү цензуралоодон улам артка кетти. Өзүн-өзү цензуралоо акыркы кездери чоң көйгөйгө айланды. Жалпысынан система альтернативалуу маселелерди маңыздуу талкуулоого жол бербейт.

Фридом Хаус дүйнөнүн маалымат каражаттары “эркин” деп эсептеген алдыңкы он өлкөсүнүн тизмесинде ирээти менен Исландия, Финляндия, Норвегия, Дания, Швеция, Бельгия, Люксембург, Андора, Нидерландия, Швейцария турат. АКШ быйылкы тизмеде 18 упай менен 24-орунга жайгаштырылган, былтыр 17 упай менен 21-орунда туруучу. Эң акыркы 195-орунда 98 упай менен Түндүк Корея. Ал эми Израиль, Италия, Гонконг быйыл биринчи ирет “эркин” деген макамын жоготуп, “жарым-жартылай эркин” деп эсептелгендердин катарына кошулду.


Басма сөз эркиндиги дүйнө өлкөлөрү боюнча:

Эркин – 70 (33%)
Эркин эмес – 64 (36%)
Жарым-жартылай эркин – 61 (31%)


Басма сөз эркиндиги дүйнө калкы боюнча:

Эркин – 1, 107, 999, 000 (17%)
Эркин эмес – 2, 806, 169, 000 (42%)
Жарым-жартылай эркин – 2, 780, 167, 000 ( 41%)

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG