Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Прагада Чыгыш Өнөктөштүк саммити ачылат


7-май күнү Прагада Европа Биримдиги менен алты мурдагы советтик жумурияттын лидерлери Чыгыш Өнөктөштүк саммитине чогулушат. Айрым эксперттер Беларус, Украина, Молдова, Грузия, Армения жана Азербайжанды өзүнчө Чыгыш Өнөктөштүк саммитине чакырып, Евробиримдик буларды Орусиянын таасиринен алыстатууну көздөйт деп боолгогон эле. Анткен менен, Москванын алдын-ала эскертүүлөрүнө улай Брюссель бул кызматташтыктан Орусияга кыпындай да зыян тийбейт деп ишендирди.

Эң башында Евробиримдикте алты мурдагы советтик өлкө менен өзүнчө Чыгыш Өнөктөштүк долбоорун түзүү маселеси талкууланганда бир катар дымактуу пландар каралган эле. Маселен, эгерде Беларус, Украина, Молдова, Грузия, Азербайжан жана Армения Еврошаркеттин айрым шарттарын аткарса, ал үчүн эски континетте эркин соода жүргүзүп, жарандары келечекте Европага визасыз каттай алмак. Бирок, виза жоюлса, бул алты өлкөдөн мигранттар агылып, кылмыштуулук өсөт деген аргументин Германия жана дагы башка бир нече мамлекет көтөрүп чыгышса, Еврошаркетке кийин жакында кошулган Чыгыш Европалык мүчөлөр эркин соода шарттары алардын айыл-чарба тармагына зыян алып келээрин айтып чочулоодо.

Мүчөлөр арасындагы мындай ажырым пикирден улам Прагадагы саммиттен бул алты өлкө кандайдыр артыкчылык табаары күмөн. Анын үстүнө Чехиядагы жыйынга Франциянын президенти Николя Саркози, Британиянын премьери Гордон Браун, Испаниянын премьери Хосе Луис Сапатеро келе албай, ордуна башка жетекчилер катышаары кабарланды. Чыгыш Өнөктөштүк долбооруна кирген алты өлкө арасынан Евробиримдик тарабынан сын пикирди көп уккан Беларус менен Молдованын президенттери Прагага бара албай турганын маалымдап, ордуна орун басарларын жөнөтүүдө. Ошентсе да, дал ушул саммитке байланыштуу көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурган Беларус президенти Александр Лукашенко дүйшөмбүдө Ройтерс агенттигинин кабарчысы менен маектешип, Минск үчүн Москва менен Европа тарап бирдей маанилүү деп белгиледи.

- Орусия үчүн, айрыкча Европа үчүн баарынан башкысы – Беларус көз карандысыз, эгемен өлкө бойдон калып, европалыктар бизге ээн-эркин каттап, өзүлөрүн үйүндөгүдөй сезгени лаазым.

Александр Лукашенко атүгүл бир күнү Беларус Евробиримдикке мүчө болуп калгысы бардыр, бирок азырынча бизге андай сунуш түшө элек, ошондуктан ал тууралу ойлоно элекпиз деп тактай кетти.

Негизинен Прагадагы саммиттен чоң чечимдер күтүлбөсө да, бул жыйындын форматы кеңири талкууларга жем таштады. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров адегенде Чыгыш Өнөктөштүк демилгесин Брюсселдин кезектеги Москвага каршы аракети деп айыптады эле, өткөн аптада мындай билдирүү жасады.

- Биз Брюсселден бул Орусияга каршы багытталган таасирди жайылтуунун жаңы чөйрөсү эмес деген кепилдиктерди улам угуп келатабыз. Бул алардын чыныгы ниети деп ишенгибиз келет.

Анткен менен талкуулар уланууда, Евробиримдикке төрагалык кылып жаткан Чехиянын премьери Мирек Тополанек ушул жумада жарыяланган интервьюсунда: “Беларус өңдүү өлкөлөр Москванын тегерегинде гана айланып, анын сателлитине айланышына жол бербешибиз керек” деп чоң маселенин башын кыйытты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG