Египет Газа тилкеси менен чек арасын туруктуу ачууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Египеттин Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин басма сөз өкүлү маалымдагандай, бул чара палестиналыктардын “азап чегүүлөрүн жеңилдетүү үчүн” көрүлүп жатат, учурда аны ишке ашыруу механизмдери каралууда. Чек ара качан ачылары азырынча белгисиз. Экс-президент Хосни Мубарактын режими исламчыл ХАМАС уюмунун көзөмөлүндөгү Газа тилкесинин блокадасын камсыздоодо Израил менен кызматташып келген.