АКШнын Флорида штатындагы Майами шаарынын соту беш кишини Чикагодо террордук чабуул уюштурууну пландаштырган деп тапты. Тергөөчүлөрдүн маалымдашынча, бул беш киши АКШдагы эң чоң имаратка чабуул жасоо үчүн “ал-Кайида” уюму менен байланышууга аракет жасаган. Камакка алынгандардын алтынчысы сот залынан бошотулду. Алар 2006-жылы камакка алынган болчу.