Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Рим папасы Жакынкы Чыгышты жакындатканы келдиби?


Рим Папасы Бенедикт ХV1нын Жакынкы Чыгышка жасаган иш сапары кыргызстандыктарды дагы кайдыгер калтырган жок. Католиктердин ана башысынын ар кадамы, ар сөзү талдоого алынууда.

Бишкектеги Ислам университетинин ректору Абдышүкүр-ажы Нарматов Рим Папасы Бенедикт ХV1 азыр эң оболу ыйык Куранда белгиленген касиеттүү аймакта иш сапар менен жүргөндүгүн баса белгиледи. Куранда ошо Палестина тарап, Акса мечитинин айланасы дүйнө боюнча береке-пейиздүү, пайгамбарлар, диндер чыккан аймак катары жазылыптыр.

Ошол эле кезде Абдышүкүр-ажы Нарматов Рим Папасынын Иерусалимде жүрүп экинчи дүйнөлүк согушта набыт кеткен 6 миллион жөөткө айрыкча кайгырып салават айтышын эски жараны козгогон орунсуз иш катары эсептейт.

Коомдук ишмер Иманберди Жалилов болсо Бенедикт ХV1нын жөөттөрдүн алдында ошол набыт кеткен 6 миллион жөөттү эскерип-эзилиши жөн жерден эмес экендигин түшүндүрдү:

- Бенедикт ХV1 Германияда чоңоюп, кезинде “Гитлер югенддин” мүчөсү болгон. “Гитлер югенд” деген – Гитлердин жаштар уюму. Ленин комсомолу дегендей. 6 миллиондон ашык жөөттүн өлүмүнө ошол “Гитлер югенддердин” таасири бар. Ошон үчүн жөөттөрдүн алдында Бенедикт ХV1 күнөөкөр болуп атпайбы.

Иманберди Жалилов 6 миллион жөөттү эскерип-эзилүү менен эле азыркы Рим Папасы жөөттөрдүн, дүйнөлүк коомчулуктун алдында акталып алды деп эсептебейт. Ал согушта СССР боюнча 27 миллион, дүйнө боюнча 68 миллион адам өлгөн. Алардын баарын эске албай, 9-майдын айланасында 6 миллион жөөттү гана эскериши, өкүт айтышы – бери дегенде осол иш. Ал кечирим бербейт.

Ал эми Кыргызстандагы Ислам эл аралык кызматташтыгы борборунун жетекчиси Садыкжан-кары Камалиддиндин пикири боюнча, Рим Папасы Бенедикт ХV1нын Жакынкы Чыгышка иш сапарынын эң көрүнүктүү жери – Палестин мамлекетин түзүү боюнча чакырык таштоосу.

Кезинде даниялык бир гезит Мухаммед пайгамбардын каррикатураларын басып чыгаргандыгы, ага каршы бүткүл мусулман дүйнөсү нааразылык билдирип, канчалаган митингдер, жүрүштөр уюштурулгандыгы эстен чыга электир. Дал ошол кезде католиктердин азыркы лидери Бенедикт ХV1 “каррикатура чыгарса эмне болуптур” таризиндеги кол шилтемей пикирин билдиргени бар.

Кыргызстандагы Ислам эл аралык кызматташтыгы борборунун жетекчиси Садыкжан-кары Камалиддин так ошол жагдайга байланышкан пикирин да айтты:

- Биз, ислам аалымдары Пайгамбар туурасында айткан туура эмес пикири үчүн азыркы Рим Папасы кечирим сурашы керек деп эсептейбиз.

Коомдук ишмер Иманберди Жалилов Рим Папасы Бенедикт ХV1нын Жакынкы Чыгышка иш сапарын канткен менен терең ойлонулган, көп максаттуу сапар катары баалайт:

- Бенедикт ХV1 Саударабстанга эмес, биринчи Йорданияга келгенинин да себеби бар. Йорданиянын Королу араб өлкөлөрүнүн ичинен авторитардык режимди эмес, демократияны жактаган инсан. Демек, мусулман, араб өлкөлөрүндө да демократиялык түзүлүштөр орносун деп жатат. Ошол эле кезде диндердин диалогун түзүүнү жактагандыгы да Бенедикт ХV1нын иш сапарынын олуттуулугун айгинелейт.

Рим Папасы Бенедикт ХV1нын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн кыдыруусу 5 күнгө созулат.


XS
SM
MD
LG