Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Так талашкан талапкерлер кол топтоодо


13-майда кечке жуук Бириккен элдик кыймыл жыйын куруп, өлкөдөгү кырдаалды талкуулады жана Атамбаевдин шайлоо штабынын маалыматын укту. “Ак жол” партиясы да өз талапкерине кол топтоо иштерин активдүү жүргүзүүдө.

Бириккен элдик кыймылдын лидерлери жолугушууларды тынымсыз өткөрүп турушат. БЭКтин 13-майдагы жыйынында кандай маселелер талкууланганын кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” мындайча маалымдады:

- 20-майга белгиленген Аликбек Жекшенкулов менен Эркин Бүлекбаевдин сотуна кандай акция менен чыгабыз жана 20-майда Дооронбек Садырбаевдин эскерүү жылдыгында куран окутууну кандай өткөрүү маселесин сүйлөштүк. Андан башка Атамбаевдин республикалык штабы кандай иш алып барып жатканы тууралуу билдирүүсүн уктук.

Азимбек Бекназаров бул жыйынга “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев чакырылбаганын да кошумчалады:

- Ал чакырылган жок. Анткени Сариевге өткөндө эле чечим чыгарылып коюлган. Бүгүн дагы ошол маселеге кайрылалы деген сунуш болду эле, маселени добушка коюп чечтик. Ал боюнча мындан кийин Сариев жөнүндө сөз кылбайлы, Сариев өзү чечкенден кийин анын чечимин сыйлайлы деген жыйынтыкка келдик.

БЭКтин штаб башчысынын маалыматы боюнча, азыркы мезгилде бардык региондордо Алмазбек Атамбаевге кол топтоо иштери жүрүп жатат.

Президенттик шайлоого “Ак жол” партиясы да активдүү даярдыктарды жүргүзүп жатат. Партиянын төрагасынын биринчи орун басары Табылды Орозалиевдин айтымында, учурда кол топтоо иштери жүрүүдө:

- Бүт региондордо даярдыктар жүрүп жатат. Биз мыйзам белгилеген мөөнөттөргө үлгүрүшүбүз керек, ошол мөөнөт ичинде БШКга тапшырышыбыз керек деп иштеп жатабыз. БШКнын календардык планына жараша мыйзамдын негизинде иш жүрүп атат.

Саясат таануучу Марат Казакпаевдин маалыматы боюнча, азыркы мезгилде бардык талапкерлер негизги даярдыктарды көрүүгө киришти. Саясат жана шайлоо боюнча технологдор, социологдор чакырылып, алар иштей башташты. Талапкерлер болсо мамлекеттик тил боюнча сынакка даярдык көрүүдө дейт Казакпаев:

- Азыр көбүнчө кыргыз тил боюнча сынакка даярданып жатышат. Менин оюмча, ушул жактан кээ бир талапкерлер өтпөй калат го. Административдик ресурс дебей эле коеюн, бирок менин оюмча мындай механизмдин кереги жок эле. Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык УТРКдабы, же башка телеканалда кыргызча дебат өткөрсө эле, ким мамлекеттик тилди билер, билбеси айкын болмок. Ошондуктан сынак өткөрүүнүн кереги жок.

Азыркы мезгилге карай президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына тогуз адам арыз бергени маалым.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиянын бир катар мүчөлөрү экиге бөлүнүп, бир тобу Москва, Санкт-Петербургда, бир тобу Екатеринбургда жүрүшөт. Алар Россия шаарларындагы кыргыз эмгек мигранттарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин чечип жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG