Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Жалал-Абат облусунун бийлиги Анжиан облусунун жетекчилигинен Чек айылындагы тосмону жылдырууну суранды


Облус губернатору Кошбай Масиров баштаган топ кечээ Өзбекстандын Анжиан облусунун жетекчилиги менен жолугушуп келген. Губернатор бүгүн бул жолугушуу боюнча Жалал-Абаттагы журналисттерге маалымат берип, Анжиян облусунун жетекчилигине Ноокен районундагы Чек айлына коюлган чек ара бекети менен тосмосун жылдыруу өтүнүчү коюлганын айтты. Губернатордун белгилешинче, чек ара такталмай сайын Чек айылы эч кимге караштуу эмес. Ал жерде контрабандалык жүгүн өткөрө албай калгандар чуу салууда. Облус жетекчиси ошондой эле өзбек чек арачылары айылдагылар менен алардын автоунааларына тоскоолдук кылбаганын, өзбек акими облуста турган суу станциясына келип иштөөчүлөрдү тоспоону өтүнгөнүн, өзбек тарап чек ара тилкесинде турган үйлөрдү 500 метр ичкери жылдырып жатканын жана биздин айыл өкмөттөр Өзбекстандын Бек-Абат бажы бекетине жакын жерге үй-жай курууга уруксат беришкенин кошумчалады (YA)

XS
SM
MD
LG