Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Эл-Барадейи: Ядролук курал жасай алчу 20дай өлкө бар


Түндүк Корея өзү жасаган баллистикалык ракетаны учурууда. 5-апрель 2009
Түндүк Корея өзү жасаган баллистикалык ракетаны учурууда. 5-апрель 2009

БУУнун атомдук энергия боюнча агенттиги-МАГАТЭнин башчысы жакынкы мезгилде ядролук курал жасай алчу өлкөлөрдүн эсеби 10дон 20га чейин жетиши мүмкүн экенин эскертти. Ага жол бербөө үчүн, эл-Барадейинин сөзүнчө, ядролук бомбалуу державалар тез куралсызданып, ядролук сыноолорду өткөрүүгө жана атомдук бомбага керектүү материалдарды өндүрүүгө тыйуу салынуу керек.

Эл-Барадейи ядролук куралдарды жайылтпоо боюнча 40 жылдай мурда кол коюлган келишим бузулганы турат деп кооптонот. Себеби чукул арада куралсыздандыруу багытында чечкиндүү чаралар көрүлбөсө, ядролук курал жасай алчу өлкөлөрдүн саны жакын арада эки эседен да көпкө өсүп кетиши мүмкүн, дейт МАГАТЭнин директору Британияда чыкчу “Гардиан” гезитинин жума күнкү санына чыккан
...(өзөктүк) технологияны жаңылыш пайдалануудан мүмкүн болчу жарака бекем кадакталганына биз ишенгендей болушубуз керек."
Эл-Барадейи
интервьюда.
Эл-Барадейи кеминде 20дай өлкө ядролук курал жасай алат деп чочуйт
Алаамат куралды жасай алчу өлкөлөрдү азыр Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндөгү эларалык келишим гана кармап турат. Эгер алардын кайсы бири чындап теминсе, эл-Барадейин пикиринче, бир нече айда ядролук куралга ээ болот. Мындай коркунуч өзгөчө Жакынкы Чыгышта күчтүү.

Эл-Барадейи айткан ойлор- Ядролук куралды жайылтпоо боюнча жаңы келишимди даярдоочу комитеттин эки жумалык талкуусунан соңку бүтүмү. МАГАТЭни 11 жылдан ашык жетектеген эл-Барадейи ноябрда кызматтан кетип, эларалык агенттикке мүчө өлкөлөр атомдук куралдарды контролдоочу уюмдун жаңы башчысын дайындоого тийиш. Бул орун үчүн чоң саясый күрөш болот деп боолгошот серепчилер. Эл-Барадейинин пикиринче, анын мураскери дайындалганга чейин Ядролук куралды жайылтпоо боюнча келишим азыркы шартка жараша оңдолгону оңдуу болмок:

-Менин оюмча, дүйнөнү ядролук куралдан эркин кылуу максатында ушу азыр Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө 1970-жылы бекитилген келишимди карап чыкканга өтө оңтойлуу болуп турат.

Өзөктүк куралдарды жайылтпоо боюнча келишимди түзүүнүн максаты ошол кезде ядролук куралы бар АКШ, Британия, Кытай, Франция жана мурдакы СССРден башка өлкөлөрдүн мындай каруулуу болуусуна жол бербөө эле. Кансыз согуш курчуп турган мезгилде жаралаган келишимге ылайык, ядролук энергия тынчтык максатында гана колдонулуу керек. Бирок, акыркы жылдары Индия, Пакистан жана Түндүк Корея ядролук сыноолорду өткөрдү. Израил эбак ядролук державалардын катарына кирген деп эсептелет.
Эл-Барадейи өзөктүк куралдарга байланыштуу эларалык коомчулук алдында турган проблемаларды төрт топко бөлөт:

-Азыр менимче төрт маселе бар. Маанилүү келишим күчүнө киргенден 37 жылдан кийин ар качан ядролук энергия тынчтык максатында гана колдонуларына жана (өзөктүк) технологияны жаңылыш пайдалануудан мүмкүн болчу жарака бекем кадакталганына биз ишенгендей болушубуз керек. Менимче, ядролук куралсыздандыруу, контролдоо, ядролук материалдарды коргоо жана аны сактоого эл аралык кепилдик берүү-булар биз чогуу иштөөчү төрт маселе.

Эл-Барадейи апрель айында АКШ президенти Барак Обама жана Россия президенти Дмитрий Медведев ядролук куралдарды кыскартуу үчүн олуттуу кадамдарды жасарына ишенгенин билдирген. АКШ Мамкатчысынын куралсыздандыруу жана куралды контролдоо боюнча орун басары Роуз Готтемюллердин айтымында, ядролук куралдарды жок кылуу бир түндө бүтчү иш эмес. Бирок АКШ массалык кыргын салчу куралдарды кыскартууну өзүнүн борчу катары санайт, деп билдирген Роуз Готтемюллер он күн илгери.

XS
SM
MD
LG