Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Израил менен АКШ Жакынкы Чыгыш маселесине эки башка карайт


18-майда Вашингтондо АКШ президенти Барак Обама Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен жолугушту. Сүйлөшүүдө Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны жана Ирандын өзөктүк программасы өңдүү орчундуу маселелер талкууланды. Бирок жолугушуудан кийин Израил менен АКШ айрым маселелерге эки башка караганы маалым болду.

Президент Барак Обаманын Жакынкы Чыгыш боюнча максаты мурдагы президент Жорж Буштун максаты менен үндөш – Израил жана Палестин тынчтыкта жашашы керек.

Жолугушуудан кийин өткөн маалымат жыйынында Обама бул максатын бир нече жолу кайталады. Бирок Нетаньяху андан айырмалуу башка вариантты сунуштады:

- Эгерде Израилдин коопсуздугу сакталса, Израилдин мыйзамдуулугу, түбөлүк мыйзамдуулугу таанылса, анда менимче, биз палестиндер жана израилдиктер коопсуздукта, тынчтыкта, кошуна болуп жашай алат деп ойлойбуз.

“Эки өлкөнүн маселесин” чечүүгө көп жылдан бери Евробиримдик, Орусия, БУУ жана АКШ аракеттенип келет. Бул мурдагы президент Буштун Жакынкы Чыгыш саясатынын негизин түзгөн. Аны Барак Обама да улантууда.

Израилдин өкмөт башчысы Нетаньяху палестиндер менен сүйлөшүүлөрдү чукул арада баштоону кааларын, бирок палестиндер Израилдин мамлекеттүүлүгүн таанымайын тынчтык жараяны тууралуу сөз да болборун белгилеп келет.

Президент Барак Обама кездешүүдө Батыш Иордандагы болочок Палестин мамлекетине кирчү жерлерге жөөттөрдү отурукташтырууну тез токтотууга өзгөчө көңүл бурду:

- Биз конуштар боюнча прогресске жетишүүбүз шарт. Отурукташтыруу биздин алга жылуубуз үчүн токтотулушу керек. Бул өтө оор маселе. Мен муну мойнума алам. Бирок бул өтө маанилүү маселе. Ал жөндөлүшү абзел.

Израилдин премьер-министри Обаманын бул сөздөрүнө жооп кайтарган жок.

Дагы бир маселе боюнча Обама менен Нетаньяхунун пикирлери ар башка болуп чыкты. Бул – Ирандын өзөктүк программасы. Обама Израил-Палестин жаңжалынан улам Ирандын өзөктүк курал коркунучу Израил менен АКШга карата күчөшү ыктымал деген пикирде. Нетаньяху болсо Иран жана анын өзөктүк програмасы Палестин маселесине караганда алда канча кооптуу деп санайт:

- Иран ачык эле бизди жок кылууга үндөп келет. Бул Жакынкы Чыгыштагы байистүү араб өлкөлөрүнө коркунуч жаратат. Бул Американын дүйнөдөгү кызыкчылыктарына коркунуч туудурат. Эгерде Иран өзөктүк куралга ээ болсо, аны өз жетегиндеги террорчуларга бериши ыктымал. Жаманы, Иран террорчуларды өзөктүк курал менен камсыздашы турган иш. Бул болсо бардыгыбыз үчүн коркунуч жаратууда.

Маалымат жыйынында Обамага АКШ качанкыга чейин Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт деген суроо узатылды. Обама президенттик кызматка төрт ай мурда келгенин эскертип, 30 жылдан бери түзүлгөн начар мамилелер 4 айдан кийин эле калыбына келет деп ишенүү туура эместигин белгиледи.

Иранда президенттик шайлоо ушул жылдын 12-июнунда өтөт. Обама Иран менен сүйлөшүүлөрдү шайлоодон кийин баштоо нийети болгонун кошумчалады. Эгерде ушул жылдын этегине чейин сүйлөшүүлөр алга жылбаса, бул үчүн АКШ эмес, Иран күнөөлүү болгонун дүйнө билет, деп айтты Обама.

Палестин бийлиги АКШ президенти менен Израилдин өкмөт башчысынын жолугушуусуна карата пикирин токтоосуз билдирди. Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббастын улук жардамчысы Набил абу Рдайна Обаманын сөздөрүн кубаттап, Нетаньяхунун сөздөрү “көңүл чөктүрдү” деди.

Махмуд Аббас Барак Обама менен 28-июнда жолугушат.

XS
SM
MD
LG