Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Орусия АКШ менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн алгачкы айлампасын ийгиликтүү деп атады


Сүйлөшүүлөрдүн максаты өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча Кансыз согуш доорунун аягында түзүлгөн, мөөнөтү быйыл аяктоочу келишимди алмаштыруу. Орусиялык дипломаттардын бири Рейтер агенттигинин кабарчысына сүйлөшүүлөрдүн кечээ аяктаган алгачкы айлампасы “конструктивдүү маанайда” жүргөнүн, кийинкиси келерки айдын башында Женевада болорун билдирген.

Мурдараак Орусиянын тышкы иштер министри жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдөгү ийгилик АКШнын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Борбордук Европада жайгаштыруу планына көз каранды экенин айткан. Вашингтондун бул планы Москванын кескин каршылыгын жараткан.

Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишими 1991-жылы кабыл алынган. Президенттер Барак Обама менен Дмитрий Медведев эски келишимди алмаштыруучу жаңы документ боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону апрель айындагы жолугушуусунда макулдашкан.

XS
SM
MD
LG