Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

А. Бекназаров: Акыйкатсыз шайлоо болгонун далилдөөгө аракеттенебиз


Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров “Азаттыкка" оппозициянын ички абалы, шайлоо өнөктүгүнө даярдыктар, бийлик менен оппозициянын мамилеси тууралуу кеп салып берди.

- Президенттик шайлоо кампаниясы акырындап күч алып келатат. Бириккен элдик кыймыл кандай иштерди жүргүзүүдө, кандай кыйынчылыктар болууда?

- Азыр кол топтоо иштери жүрүп жатат. Биз Бириккен элдик кыймылдын бирдиктүү талапкери Алмаз Атамбаевге кол топтоого жардам берип жатабыз. Мына ушул учурда жер-жерлерде, өзгөчө түштүк региондо кысымчылыктар болуп жатат. Мисалы үчүн, ким Алмаз Атамбаевге кол койсо кылмыш жообуна тартылат деген нерселерди да чыгарып жатышат. Кол койгон кишилерди куугунтуктап, кол койдурууга кирген үйүн коркутуп, “эмне кол койдуң, эмне үчүн келип кетти, сен билесиңби бул жоопко тартыла турган иш” деп, катуу зөөкүрлүк саясат бийлик тарабынан жүргүзүлүп атат. Бүт бийлик, жергиликтүү бийлик, тартип коргоо органдары бүгүн бир гана оппозиция өкүлдөрү менен каршы күрөшүүдө.

- Административдик ресурс деген толук колдонулуп жатат дейсизби?

- Жок, бул жерде административдик ресурс эле эмес, үч багытта иштеп жатышат. Кылмыш дүйнөсү иштеп жатат. Тартип коргоо органдары коркутуп-үркүтүүдө, ошол убакта эле акимдердин аппараты, жергиликтүү бийликтин аппараттары толук иштеп жатат.

- Исмаил Исаковдун талапкерлигин алып коюусу БЭКтин ичинде, шайлоочулар арасында кандай кабыл алынууда?

-Өз талапкерлигин алып салуу демилгеси Исмаил Исаков тараптан чыкты. Ал киши эл арасында биринчи болуп кол топтой баштады эле. Ошондо эл арасында түшүнбөөчүлүк болуп жатат, оппозиция бирдиктүү бир талапкер менен чыгабыз дебеди беле, эмне үчүн азыр мына Исмаил Исаков, Алмаз Атамбаев, Темир Сариев үчөө болуп кетти деген сөздү биринчи Исмаил Исаков байкап, БЭКтин бюросунда маселени койду, баягы айткан сөзүбүзгө туруп, бир күч, бир талапкер менен чыкканыбыз оң окшойт деди. Биз ойлонуп көрүңүз деп бир жума бердик. Бир жумадан кийин ал өзүнүн жүйөөлөрүн бекемдеп, далилдерди келтиргенден кийин биз ага көндүк. Азыр эл дагы туура түшүнүп жатат. Туура кылды, чыныгы генерал экенин көрсөттү, анткени оппозиция чоң жыйында, элдик кыймылдын митингдеринде бир талапкер менен чыгабыз деген сөзүнө турду деп жакшы кабыл алып жатат.

- Исмаил Исаков өз талапкерлигин алгандан кийин мүмкүн Темир Сариев да ушундай кадамга барат деген ой айтылды. Бул багытта жылыш барбы?

- Эми биринчиден, Темир Сариев БЭКтен көрсөтүлгөн жок. Аны “Ак шумкар” партиясы көрсөттү. Ал партиянын чечимине баш ийүүгө аргасыз болду. Бирок мен ойлоймун, Сариев партиясы менен иш алып барат болуш керек. Оппозицияны бөлүп жаргандай көрүнүп калбайын деп, акырындап кол топтоодо элдин пикирин укккандан кийин ал дагы Исмаил Исаковдой эле чечим кабыл алат деген ишеним бизде бар. Себеби Темир Сариев абдан акылдуу, токтоо жигит. БЭКтин түптөөчүлөрүнүн бири. Ошондуктан БЭКтин чечимине каршы барбайт болуш керек. Шайлоо башталганга чейин бир чечим кабыл алат болуш керек. Бизде ага ишеним бар.

- Темир Сариев менен Алмазбек Атамбаевдин жеке мамилеси аябай эле начарлап кеткени байкалып турат. Пикир келишпестиктерди жоюп, биригүү мүмкүнбү, аны менен байланыш кармалып турабы?

-Чын-чынына келгенде көп маселе ушул эки инсанга байланыштуу чечилет. Экөөнүн жолугушуусунан, экөөнүн бири-бирине карай кадамына жараша болот. Бирок бир нерсени унутпайлы, бул жерде мамлекеттик машина да бизди бөлүп-жаруу аракетин тынбай жүргүзүп жатат. Сиз айтып жаткан Атамбаев менен Сариевдин ортосунда карама-каршылык күчөп баратат дегенди бийлик атайын дуулдатып жатат. Пресса аркылуу жазып жатат. Экөөн тим эле мышык менен иттей кылып көрсөтүп атат. Муну экөө тең түшүнүш керек. Алар кимдин очогуна отун салып жатканын түшүнүп, жакын арада бир бүтүмгө келиш керек. Мен ошондой ойдомун. Ал эми БЭКтин бюросу тарабынан экөөнү отургузуу, ымалага келтирүү боюнча тынымсыз аракеттер көрүлүп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Маалымат каражаттарына чыгып кеткен нерселерди көзөмөлдөө, аларды токтотуу, андайга жол бербөө аракети да көрүлүп жатат.

- Мамлекет атайын дуулдатып жатат дегениңизге кайчы суроо. БЭКке жакын “Учур” гезити Сариевге байланыштуу курч материалдарды жазып жатпайбы?

- Аны БЭКтин гезити дебегиле. Ал биздин гезит эмес. Мүмкүн бизди колдоп чыгып жаткандыр. Бирок гезиттин өзүнүн жамааты бар экен. Алар чыгарып жибергенден кийин биз көрүп калып атабыз. Кээде көзөмөлдөй албайбыз. Бийликке окшоп бизде рычагдар жок. Анын үстүнө сөз эркиндиги дегенди өзүбүз туу тутуп, анан кайрадан бийликке окшоп ооздуктоого акыбыз жок. Бирок айтып жатабыз, эгер бизге жан тарта турган болсоңор, анда мындай ишиңерди койгула, эки ортого от жагып жатасыңар деп эскертип жатабыз.

- Алмазбек Атамбаевдин пайдасына кол чогултуу иши кандай жүрүп жатат. Топтолгон колдор качан тапшырылат?

- Биздин планыбыз боюнча 25-майдан баштап колдорду тапшыруу башталат. 25-майда Жалал-Абадда тапшыруу болот. Бирок кол топтоо улана берет. Кол топтоо менен биз өзүбүз да бизди кайсы жерде кандай колдойт, ал кандай электорат экенин иликтеп жатабыз.

- Топтолгон колдор канчага жетти, региондор боюнча абал кандай?

- Мисалы, бизге айтылган маалымат боюнча Баткенде топтолгон кол 10 миңден ашты. Канчасын тапшырды, канчасын округдук шайлоо комиссиясы кабыл алды азырынча белгисиз. Чүй өрөөнүндө 40 миңге жакындап калды. Бирок тапшырыла элек. Жалал-Абад облусунда 15 миңдей кол топтолуп, текшерүүдөн өтүп жатат.

- Бирдиктүү талапкер өз программасын качан жарыялайт жана анын негизи эмне болот?

- БЭКтин программасы элге бир-эки жылдан бери маалым. Алмаз Атамбаев БЭКтин талапкери болгондон кийин ошол БЭКтин программасын аткарам деп убада берген. БЭКте ыңкылап жол менен кетсек кандай чечим алынат, шайлоо жолу менен утуп алсак, кандай концепция, кандай конституция кабыл алынары элге маалым. Негизинен Атамбаевдин программасы БЭКтин программасы.

- Бул өткөн жылы оппозиция уюштурган курултайда кабыл алынган концепцияда караштыргандай парламенттик бийлик системасын түзүү да?..

- Орчундуу өзөгү парламенттик бийлик системасын түзүү. Жаратылыш байлыктарын элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштетүү. Президент жана депутаттардан чексиз кол тийбестигин Конституциядан алып салуу. Региондордун кызыкчылыгын коргоо үчүн парламенттин үчтөн бир бөлүгүн бир мандаттуу округдардан шайлоо.

- Бийлик менен кайсы шартта компромисске барышыңыздар мүмкүн?

- Биз 2005-жыл 24-марттан бери азыркы президенттен бир эле нерсени талап кылып келатабыз, Конституциялык реформаны жүргүзүү, үй-бүлөлүк башкаруу системасын сындыруу, коррупцияны ооздуктоо, эл үчүн кызмат кылуу. Ушул маселелерди бийлик бардыгын аткарам, диалогго барам десе, биз сүйлөшүүдөн эч жакка качпайбыз . Президент быйыл эле эки-үч жолу айтты диалогго барам деп, бирок иш жүзүндө барган жок. Чындап диалогго барам деп элге чыга турган болсо-биз даярбыз. Бирок биз ишенбей калдык. Төрт жылдан бери Кыргызстан оппозициясын эле эмес, Кыргызстан элин дагы, атүгүл башка мамлекеттерди да алдамчылык саясаты менен ким экенин көрсөтүп койбодубу. Ошон үчүн ишениш кыйын. Биз макулбуз, эгер ачык, телекөрсөтүүдө түз көрсөтүп, журналисттердин ортосунда ачык сүйлөшөбүз десе, биз азыр да даярбыз. Кандай маселе болбосун сүйлөшөбүз.

- Бийлик “Акыйлга салынган баланс” идеологиясы жарыялады, ошонун негизинде оппозиция менен диалог мүмкүнчүлүгү айтылды, андан кийин өкмөттүк эмес уюмдардын айрым өкүлдөрү менен жолугушту, Кумтөргө байланыштуу келишим жетишилди. Ушулардын баары шайлоо алдында президенттин бейнесин оң көрсөтө турган нерсе катары сыпатталып жатат. Ушул багыт шайлоо учуруна эле эсептелгенби, же президент жеңип чыкса, ал сакталып калабы?

- Президент өзүнүн айткандарын, программасын эч качан аткарган эмес. Болбосо ал кандай жагдайда бийликке келди эле?... Ошондо эл андан эмнени күттү эле?... Эми ушундай тынчтык убакта, үй-бүлөсү менен мамлекетти түп чогулуп башкарып жатканда, ошол программасын аткарат дегенге мен ишенбеймин. Кыргызстан калкынын көпчүлүгү деле ишенбейт. Бул шайлоо алдындагы эле оюндар. Мен мындайды, тигиндейди кылам деген. Ал ар дайым ушинтип келген. Ал түгүл борбордук аянтта он миңдеген элге да айткан, үч айда Кыргызстанды башкача кылып берем деп. Үч ай эмес, төрт-беш жылга кетип баратат. Башка Кыргызстан эмес, Акаевдин убагындагы Кыргызстандан да нары кетип калды. Ошондуктан президенттин айтып аткан сөздөрү иш жүзүндө тап-такыр башка. Мунун баары ошол жердеги билимдүү, окмуштуу, талдоочулардын жазып берген программалары. Ал президенттин жүрөгүнөн чыккан жок. Анын ой-максатында алар жок. Ал болгону окуп койду.

- Эл аралык уюмдар, ири мамлекеттер тарабынан шайлоого кызыгуулар байкалып жатабы?

- Ооба кызыгуулар бар. БЭКке кирген саясий парияларга, коомдук уюмдарга, биздин өзүбүзгө түздөн-түз чыгып, байкоочуларды окуталы, таза шайлоо өткөрүүгө салым кошолу деп жатышат. Биздин өкмөттүк эмес уюмдар да ушундай мааниде айтып жатышат. Андан башка биздин лидерибиз бир нече мамлекетке барып, ал жерде сүйлөшүп келди. Мындайча айтканда байланыш бар.

- 23-июлдагы шайлоо жана андан кийинки күн кандай болот деп боологолойсуз?

- Адилет шайлоо болбойт. Биз ошол шайлоого чейин эле шайлоо кампаниясы туура эмес кетип жатканын дүйнөгө далилдеп бергенге аракет жасайбыз. Ошого жетише албасак 23-июлда сөзсүз далилдеп беребиз. Шайлоо кандай одоно мыйзам бузу менен өткөнүн, же шайлоону жокко чыгарууга талашсыз далилдерди келтирип, шайлоону жокко чыгартабыз. Биз ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. Ошого ишенебиз.
Маекти Айданбек Акмат уулу уюштурду

- Маегиңизге ырахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG