Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:56

Апта: Атамбаев менен Сариевдин атаандашуусу


СДП лидери Алмазбек Атамбаевди БЭК президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер катары көрсөткөн.
СДП лидери Алмазбек Атамбаевди БЭК президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер катары көрсөткөн.

Узап бараткан аптада Исмаил Исаков президенттикке талапкерлигин алып койду. Калган талапкерлер кезеги менен мамлекеттик тил комиссиясынан өтүп, кол топтоо иштерин жүргүзүүдө. Өкмөт "Түндүкэлектрону" кайрадан саттыкка койду.

Энергетика объекттери кайрадан саттыкка коюлду


Кыргыз өкмөтү «Түндүкэлектрону» жана «Бишкек жылуулук тармактары» ишканасын кайрадан сатыкка койду. Өткөн жылы бул эки ишкана жана «Бишкек жылуулук борбору» үчөө бириктирилип сатыкка коюлуп, бирок аларман чыккан эмес. Өкмөт эми сатыкка ар бир ишкананы өзүнчө алып чыгууда.

Өкмөттүн мындай максаты тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин статс-катчысы Сүйөркул Керимкулов маалымдады:


-«Бишкек жылуулук тармактар» менен «Түндүкэлектронун» акциялары кайрадан сатыкка коюлуп жатат. Кечээ күнү газеталарга жарыяланды. 7-июлга чейин документтерди кабыл алуу болот. Ар бир объект жекече коюлуп жатат. Мурда үчөө биригип коюлган эле. Бул жолу ар бирине өз-өзүнчө конкурс болот.

«Түндүкэлектронун» 80.49% акциясы үчүн баштапкы бааны өкмөт 4 миллиард 817 миллион сом деп койду. Андан сырткары инвестордун мойнуна «Түндүкэлектронун» 3 миллиард 630 миллион сом кредитордук карызы да илинмекчи. Бирок анын дебитордук карызы 1 миллиард 37 миллион сомду түзөт.

Энергетика тармагы боюнча адистердин бири Раимбек Мамыровдун пикиринде, инвесторду «Түндүкэлекторунун» карызы чочулатышы ыктымал:

- Биринчи, акцияларды төрт миллиард сомго сатып алыш керек. Андан кийин кимге карызы болсо 2 миллиард 600 миллион сомду төлөп бериш керек. Ошону менен анын баасы жалпысынан 6-7 миллиард сомго жакындап барып жатпайбы. Негизинен «Түндүкэлектро» жакшы ишкана. Аны оңдоймун деген киши алып туруп, алгачкы мезгилде пайда көрбөшү мүмкүн. Бирок үч-беш жылдын ичинде оңдоп алып, абдан жакшылап иштетсе болот. Бирок кимдин колуна түшөт ошого жараша болот. Бул эми башка маселе.

Кандай болгон күндө да өкмөт «Түндүкэлектрону» сатыкка койду. Сатып алуучулардан 7-июлга чейин документ алынат. Андан сырткары 7-июлга чейин «Бишкек жылуулук тармактар» ишканасын сатып алууга да арыздар кабыл алынмакчы. Анын 80%дан ашуун акциясынын баштапкы баасы 1 милилард 800 миллион сом деп белгиленүүдө. Ал эми «Бишкек жылуулук борборун» качан сатууну Электр станциялар акционердик коому чечмекчи.

Ошентип, бийлик 23-июлга белгиленген президенттик шайлоого туура эки ай калып турган чакта ири энергетикалык ишканаларды сатыкка алып чыкты. Бул бир жагынан бийликтин калк ичинде популярдуу эмес кадамдарга баруудан шайлоо алдында да кайра тарпасынан, өзүнө ишеничинен кабар берип турат.

Шайлоо кампаниясы

Президенттик шайлоо кампаниясы болсо кол топтоо жана мамлекеттик тил сынагынан өтүү этабына келип турат. Албетте, муну менен

кыйыр түрдөгү үгүт иштери, пикирлештерди топтоо иштери өтө активдүү жүрүп жатат. Маселен, президент Курманбек Бакиев 20-майда Жалал-Абад облусунда болуп, жаңы ишканалардын ачылуусуна катышуу менен иш жүзүндө кичи мекенинен президенттик таймашка бата алып кайтты.

Ал эми бийликтин оппоненттери – оппозиция болсо кол топтоо, үчкө бөлүнгөн башын бириктирүү үчүн далалаттанууда.

Андай аракеттер бул аптада оң натыйжа берди. Маселен, Бириккен элдик кыймылдан шайлоого чыккандардын бири Исмаил Исаков өзүнүн талапкерлигин 19-майда Алмазбек Атамбаевдин пайдасына алып койду. Бириккен элдик кыймылдын программасынан өзгөчө программасы, бийлик системасы боюнча өзүнчө көз карашы жана ынанымы бар саясатчы-генерал Исаков өз чечиминин себебин мындай түшүндүрдү:

- Өзүмдүн программам менен шайлоого аттанган болчумун. Бирок бүгүнкү кырдаалды эске алып, бийликтин оппозицияны бөлүп-жаруу аракетин, тоскоолдук кыларын, бурмалоого бара турганын билип туруп мен өз талапкерлигимди Бириккен элдик кыймылдын кызыкчылыгы үчүн алып коюуну чечтим. Себеби дегенде биз бир талапкерди алып чыгабыз, деген чечим кабыл алганбыз. Мен ошон үчүн талапкерлигимди алып салдым. Андан башка көпчүлүк элдин каалоосун эске алдык. Себеби дегенде менде кол чогултуу бүгүнкү күндө бүттү. Бир эле Ош облусунан 45 миңден ашуун колду чогултуп беришти. Ошонун арасынан 12 миңдей колду Алай районунун эли чогултуп, колдоп беришти.

Белгилей кетчү жагдай, Исаковдун программасы боюнча бийлик системасы түп-тамырынан бери өзгөрүш керек эле. Маселен, райондор ирилештирилип аймактар түзүлүүгө тийиш. Ал эми облустарды жою караштырылган. Министрликтердин саны 12, агенттик, борбордук органдардын саны да 12 менен чектелген. Президент өзү түздөн-түз өкмөттү башкарууга тийиш. Жогорку Кеңеш 75 депутаттан туруп, анын он беши бир мандаттуу округдардан шайланууга тийиш болгон.

Ал эми Бириккен элдик кыймылдын программасы болсо өткөн жылы оппозициянын курултайында кабыл алынган. Анын негизи тууралуу БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров буларды билдирген:



- БЭКтин программасы элге бир-эки жылдан бери маалым. Алмаз Атамбаев БЭКтин талапкери болгондон кийин ошол БЭКтин программасын аткарам деп убада берген. БЭКте ыңкылап жол менен кетсек кандай чечим алынат, шайлоо жолу менен утуп алсак, кандай концепция, кандай Конституция кабыл алынары элге маалым. Негизинен Атамбаевдин программасы БЭКтин программасы. Орчундуу өзөгү - парламенттик бийлик системасын түзүү. Жаратылыш байлыктарын элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштетүү. Президент жана депутаттардан чексиз кол тийбестигин Конституциядан алып салуу. Региондордун кызыкчылыгын коргоо үчүн парламенттин үчтөн бир бөлүгүн бир мандаттуу округдардан шайлоо.

Бирок тараптар үй-бүлөлүк башкарууну четтетүү, коррупцияга каршы күрөштө биригип кетишкенин айтышууда.

Исмаил Исаков жалпы өлкө аймагынан 70-80 миңдей кол топтоп, аларды тапшырууга даярдык көрүп турган чакта шайлоодон баш тартты. Ал эми оппозициянын калган талапкерлери кол топтоо иштерин активдүү жүргүзүүдө. БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун маалыматы боюнча, Алмазбек Атамбаевдин пайдасына Чүй облусунан эле 40 миңдин тегерегинде кол чогултулду. Баткенде он миң жарандын колу тапшырылды. 25-майда Жалал-Абад облусунда да топтолгон колдор шайлоо комиссияларына текшерүүгө берилмекчи.

Ушундай эле аракеттерди “Ак шумкар” партиясынын талапкери Темир Сариев да жүргүзүп жатат. Ал кол топтоо ырааттуу жолу менен баратканын билдирди:

- Мындай орчундуу кыйынчылык болгон жок. Аны айтып коюшум керек. Биз өзүбүз план түзүп алганбыз. Ошон план боюнча кол топтоо аяктап бүттү. Азыр өзүбүз текшерүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Менин оюмча, кийинки жуманын аягында бардык облустук, Бишкек, Ош шаардык комиссияларына тапшырабыз. Эми өкүнүчтүүсү көп жерлерде бийлик атайын тапшырма берип, кол койбойсуңар деп, бир гана адамга гана кол кое аласыңар деп туура эмес маалымат берип кетиптир. А мыйзам боюнча ар бир адам каалаган адамына кол кое берет. Бул биринчиси. Экинчиси, кээ бир жерлерде тоскоолдуктар болду. Бирок алар орчундуу эмес. Биз аны даттанып айткыбыз келбейт.

Атамбаев-Сариев атаандаштыгы

Исмаил Исаковдун президенттик шайлоодон баш тартуусунан кийин бирдиктүү талапкерге жетишүү багытында оппозиция алга жылды. Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун айтымында, алар Темир Сариев да Исаковдун артынан чечим алып, БЭКтин талапкерин колдойт деген ишенич бар:

-Эми биринчиден, Темир Сариев БЭКтен көрсөтүлгөн жок. Аны “Ак шумкар” партиясы көрсөттү. Ал партиянын чечимине баш ийүүгө аргасыз болду. Бирок мен ойлоймун, Сариев партиясы менен иш алып барат болуш керек. Оппозицияны бөлүп жаргандай көрүнүп калбайын деп, акырындап кол топтоодо элдин пикирин укккандан кийин ал дагы Исмаил Исаковдой эле чечим кабыл алат деген ишеним бизде бар. Себеби Темир Сариев абдан акылдуу, токтоо жигит. БЭКтин түптөөчүлөрүнүн бири. Ошондуктан БЭКтин чечимине каршы барбайт болуш керек. Шайлоо башталганга чейин бир чечим кабыл алат болуш керек. Бизде ага ишеним бар.

Бирок Темир Сариевдин алдында азыр үч жол бар. Анын бири БЭКтин талапкерин колдоо, экинчиси - өз алдынча кете берүү, үчүнчүсү - бийлик менен сүйлөшүү. Мына ушул жолдордун кайсы бирин тандайсыз деген суроого Темир Сариев мындай жообун берди:

- Биз өзүбүз партиянын курултайында талкуулап, өз алдынча кетебиз дегенбиз. Аягына чейин барабыз. Аягына чейин турабыз. Ал эми биздин кечээ күнкү шериктерибиздин айтып аткан сөздөрү алардын каалоосу. Бирок биздин партиянын чечими бар. Биз ал чечимди сыйлайбыз. Буйруса, маарага жетебиз деп турабыз.

БЭКтин лидерлери Темир Сариев менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы карама-каршылык экөөнүн бири-бирине карай кадамына жараша чечилет деген пикирде. Бирок айрым маалымат каражаттары Алмазбек Атамбаевге ыктаган маалыматтарды берип атат. “Учур” гезити ушул жумадагы санында Темир Сариевдин Акаев мезгилиндеги жүрүш-турушун, Үзөңгү-Кууш маселесиндеги позицияларын сындап чыкты. Мындай жаакташуулар эки тараптын жакындашуусуна алып келбеши турган иш. Кыязы эки лидер президенттик шайлоодо күчтөрүн сынап, андан кийинки саясий таймаштарга кимдин-ким экенин тактап алууну артык көрүп турушат шекилди.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG