Президенттик кызмат үчүн эки талапкер ат салышууда - өлкөнүн азыркы лидери, Монголиянын Элдик-революциялык партиясынын төрагасы Намбарын Энхбаяр жана оппозициялык Демократиялык партиянын атынан көрсөтүлгөн Цахиагийн Элбэгдорж. Шайлоо өнөктүгү маалында Элбэгдорж коррупция жана жакырчылык менен күрөшүүнү убада кылган. Өткөн жылы Монголиядагы парламенттик шайлоо башаламандыктар менен аяктаган. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондор менен полиция ортосундагы кагылышуудан беш киши каза тапкан.