Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Президенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө ЕККУга чакыруу берилди


Бул тууралуу 27-майда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Д.Лисовскийдин Кыргызстандагы эл аралык уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрү менен жолугушуусунда маалымдалды. Өз кезегинде эл аралык уюмдар 23-июлга белгиленген президенттик шайлоонун алдында саясий партия жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу иштерин жүргүзүү, добуш берүү чакырыктары боюнча жарнамаларды даярдоо багытында биргелешип долбоорлорду аткарууну сунуштаган. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын “Менин тандоомдун мезгили” биримдиги жарандардын шайлоодогу укуктарын түшүндүрүү үчүн тегерек стол, форумдарды өткөрүүнү белгилеп жатканы жолугушууда маалымдалган. Дамир Лисовский Кыргызстанда президенттик шайлоону ачык жана адилет өткөрүүгө эл аралык коомчулуктун колдоосун жогору баалап, кызматташууларды улантууга кызыкдарлыгын билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG