Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:27

Апта: Ханабад кагылышуусу, Түрк президентинин сапары,Түптөгү курултай


Кыргыз-өзбек чек арасы Ханабад, Анжияндагы окуялардан кийин жабылды. Түрк президенти Кыргызстанда болуп кайтты. Оппозиция Түптөгү курултайына даярдык көрүүдө.


Ханабад Кыргызстанга жакын экен, Анжиянчы?

Узап бараткан жумада Кыргызстанга таасири бар олуттуу окуя Өзбекстанда орун алды. 26-майда Кыргызстандын бийлик органдары кыргыз-өзбек чек арасы өзбек тараптан жабылганын, Өзбекстандын Ханабад жана Анжиян шаарларында 25-майдан 26-майга караган түнү жарылуу жана атышуулар орун алганын кабарлады. Бул маалыматты Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 26-майда кечинде тастыктап, Ханабад шаарына кире бериште милиция бекетине эки-үч бандит кол салганын, алар Кыргызстан аймагынан келгенин кабарлады. Ошол эле 26-майда түш ченде Анжиян шаарында белгисиз бирөө өзүн-өзү жардырып, анда бир милиция кызматкери өлүп, бир нече жаран жарадар болгонун да өзбек прокуратурасы белгиледи.

Өзбек тарап Ханабад шаарынын Кыргызстан аймагына жакындыгына байланыштуу кол салгандар Кыргызстандан келди деп
айткандай. Бирок бир топ ичкериде турган Анжияндагы жардыруу андай шашылыш, тастыкталбай айтылган сөздү төгүндөп тургандай.
Өзбекстандын эки шаарындагы окуяга тиешси бар экенин “Ислам жихады” деген буга чейин белгисиз болуп келген уюм өзүнө алып, алардын аракети “Каримовдун репрессиялык режиминен өч алуу” экенин жарыялады.

Талдоочулардын кээ бири бул окуянын учун Ооганстандан издесе, кээ бирөөлөр 2005-жылдагы Анжиян кыргыны менен байланыштырууда. Ошол эле мезгилде Россиянын, АКШнын, ал эмес Өзбекстандын атайын кызматтары уюштурду деген жоромолдор да жок эмес. Бул окуядан Москванын колун көргөндөр 1999-жылы Ташкендеги жардыруулар, Баткен коогалаңы Ташкен Кремлден четтеп, Батышка ыктай баштаган учуруна туш келгенин, азыркы мезгилде да Ташкен ЕвразЭСтен четтеп, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйындарына да көңүлү чаппай жүргөнүн эске салышууда.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев мындай окуяларда чет өлкөлөрдүн таасирин четке кагып салуу кыйын дейт:

- Бул версияны четке кагуу эч убакта болбойт. Анткени бир топ мамлекеттер, анын ичинде демократиядан алысыраак мамлекеттер ушундай иштерге жакын болот дагы ар кандай рычагдарды колдонот. Мисалы үчүн, Түштүк Осетия, Абхазия маселеси Грузияга каршы колдонулду. Молдовага Приднестровия турат. Анан Пакистандын атайын кызматтары талиптерди далай жылдардан бери колдоп келип, окуянын аягы эмнеге келип такалганын көрүп жатабыз.

Бирок Анжиян жана Ханабад окуясынын тамыры региондун өзүндө экенин, анткени чөлкөмдө жергиликтүү террордук уюмдар пайда болуп калганын Молдалиев белгиледи.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Исмаил Исаков бул окуяга мындай баасын берди:


- Эки тарап тең өздөрүнүн элине туура эмес маалымат берип жатат. Эгерде биз коңшу өлкөнү ала турган болсок, алар Кыргызстандан өттү деп жатпайбы. Эгерде Кыргызстандан өтө турган болсо, анда эмне Өзбекстандын чек ара кызматы жок бекен? Алар эмне үчүн өткөрөт деген суроо туулуш керек да. Биринчи Кыргызстанда өттү дештен мурун, эмне үчүн өзүбүздүн чек арачыларыбыз өткөрдү деген маселени кабыргасынан коюш керек эле. Демек алар деле кайтара албайт турбайбы?...Эки жакта тең күнөө бар. Мына ошондуктан айтаарым, эгерде ички саясат туура болсо, аны эл колдосо эч качан мындай нерселер болбойт эле.

Кыргызстандын расмий бийлиги кол салгандар Кыргызстандан келди деген Ташкендин маалыматын четке кагып, бирок иликтөө иштерин жүргүзүүгө салымын кошууга даярдыгын билдирген.

Түрк президентинин сапары

Коңшу өлкөдө коогалаң болгон 26-май күнү Кыргызстанга түрк президенти Абдуллах Гүл расмий сапар менен келди. Абдуллах Гүл менен сүйлөшүүлөрдү президент Курманбек Бакиев мамлекеттик тилде жүргүздү. Албетте, жолугушууларда эки өлкөнүн соода-экономикалык, маданий, билим берүү, инвестиция багытында кызматташуулары талкууланды. Андан сырткары регионалдык жана эл аралык коопсуздук маселеси да козголгону маалымат жыйынында айтылды.

Түркия Кыргызстандын геосаясий коопсуздугун камсыз кыла ала турган ири өлкө эмес. Бирок Анкара АКШнын эң бир жакын өнөктөшү, НАТОнун туруктуу мүчөсү. АКШнын жаңы президенти Барак Обаманын Европага сапары Түркияга кирүү менен коштолгону да бекер жеринен болбосо керек.

Мына ошондуктан НАТОнун ишенимдүү мүчөсү Түркия президенти Абдуллах Гүл Курманбек Бакиев менен жолугушууда АКШнын Манастагы базасын калтыруу маселесин түздөн-түз козгобосо да, Ооганстан маселесин козгогону маалым болду. Бул туралуу Абдуллах Гүл эки президенттин маалымат жыйынында билдирди:

- Өзгөчө Ооганстанда туруктуулук маселесин талкууладык. Ал өлкөдөгү абалды жакшыртуу үчүн колдоо көрсөтүү керектигин да айтып өттүк.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Исмаил Исаков түрк президенти Кыргызстанга НАТОнун Манас базасы боюнча ой-тилегин жеткирүү максатында келиш ыктымалдыгын белгилейт:

- НАТО башка өлкөлөрдү салып көрдү. Алардан жыйынтык чыкпады. Бул эки мусулман өлкө, түрк тилдүүлөр өзүңөр жашкы сүйлөшкүлө деген саясат. Менин жеке оюмча, бул сапар мына ошолордун (НАТОнун) түрткүсү менен болду. Барып билгилечи, тамырын тарткылачы деген саясат болду. Негизгиси ошол.

Саясат таануучу Марс Сариев Абдуллах Гүлдүн сапарынын башкы максаты Манас базасына байланыштуу болуш мүмкүндүгүн

белгилейт:

- Түркиянын президентинин Кыргызстанга келбегенине көп убакыт болуп калган. Менин оюмча Түркиянын келгенинин себеби бар. Түркия Европа Биримдигине киремин деп жатат. АКШ аны колдоп жатат. Менимче, Америка, Манастагы аба базасын калтырууга жардам бер, президент менен сүйлөш деп сунуштаган. Бир миллиард долларга жакын батыштын инвестициясы Түркия аркылуу кирет деген ойдомун.Инвестициянын келиши базаны калтырууга салым болот. Ошондуктан сапардын негизги максаты базаны калтырууга Кыргызстанды көндүрүү болду. Базаны калтыруу АКШ менен Түркиянын стратегиясы болуп жатат.

Кыргыз бийлигинин чечимине ылайык Манастагы АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерий базасы 18-августка карай чыгарылып кетүүгө тийиш. Базанын статусу өзгөртүлүп, ал кала берет деген сөздөр чыгууда. Бирок алар расмий бийлик тарабынан тыстыктала элек.

Бул арада Кыргызстан мүчөсү болгон Жамааттык коопсуздук келишим уюму, ал уюмдун арка-бели болгон Россия Ыкчам жооп берүүчү жамааттык күчтү түптөп, андан ары Борбор Азия аймагында биргелешкен ири аскердик топ түзүүгө аракеттене баштаганы маалым болду.

ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжанын орус маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, ири аскердик топ Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан аскерлеринен куралып, алар бул өлкөлөргө сырттан кол салса пайдаланылат. Ал эми Ыкчам жооп берүүчү жамааттык күч чакан чатактарды жөнгөрүүгө пайдаланылат.

Азыркы мезгилде Борбор Азия мамлекеттерине Ооганстан тараптан коркунуч келип турган менен, регион мамлекеттеринин ичинде чечилбей жаткан маселелер өз ара чатактын башаты болуу мүмкүнчүлүгү бар. Маселен, региондогу суу-энергетикалык маселе, чек аралардын делимитацияланып бүтө электиги конфликтердин булагы болушу ыктымал. Мындай шартта жамааттык күчтөрдүн кандай аракеттенери белгисиз. Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаков ЖККУ андай чатактарды чечүүгө жөндөмсүз экенин, анткени жамааттык уюмдун аскерин киргизүү үчүн ар бир өлкөнүн парламенти уруксат бериш керектигин эске салды. Исаковдун пикиринде ЖККУнун бирдиктүү ири күчтөрүн түзүүнүн түбүндө башка саясат бар:

- Мунун түбүндө өтө чоң саясат турат. Бул Россиянын кызыкчылыгы үчүн оңтойлуу болуп турат. Ошол аркылуу күчтөрдү алып келип жайгаштырабыз деген максат бар. Мен министр болуп турганда эле ага кирише башташкан. Эгерде алар өздөрүнүн күчтөрүн жок эле дегенде уюмдун жетектөөчү органдарына коюп алса, анда биздин ички саясатты, кимге кандай мамиле жасап жатканыбыздын баарын байкап турган органга айланып калат. Ошондуктан менин оюмча, мунун бүгүнкү күндө кереги жок нерсе. Бизге Тажикстан, же Өзбекстан эч качан кол салбайт. Коркунуч болсо Ооганстандан болот. Ошондуктан Ооганстандагы кырдаалды жөнгөрүү үчүн аракеттерди жасаш керек эле. Андай аракеттердин бирөө бизде турган Европанын жана Американын биргелешкен күчтөрү менен кошо иштеп, аларга жардам берүү менен ал жактагы абалды жөнгө салуу. Мына ошого жардам бериш керек эле.

Жамааттык күчтөрдү түздөрдү түзүү маселеси июнь айында Москвада алты өлкөнүн тышкы иштер, коргоо министрлери, Коопсуздук кеңештин катчыларынын, андан кийин 14-июнда президенттердин саммитинде карала турган болууда.

Саксактаган саясат

Кыргызстандын ички саясатында болсо узап бараткан жумада президенттик таймаш уланды. Талапкерлер Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев мамлекеттик тил комиссиясынан өтүп, өздөрүнүн пайдасына топтолгон жарандардын колдорун шайлоо комиссияларына тапшыра башташты.

Президент Курманбек Бакиев шайлоо кампаниясындагы “эң ишенимсиз” участок болгон Чүй облусунда аракеттерин

активдештирди. Маселен, Бакиев алгач “Ала –Тоо ынтымагы” уюмунун лидерлери Кеңешбек Дүйшөбаев, Тургунбек Кулмурзаев, Эсенгул Өмүралиев жана башкалар менен жолугушту. 25-майда Чүй облусунун чыгыш тарабына жумуш сапар жасады. 29-майда Апас Жумагулов, Феликс Кулов, Бакирдин Субанбеков өңдүү лиделер менен жолугушту. Белгилүү болгондой Чүй облусунан президенттикке Алмазбек Атамбаев жана Темир Сариев өңдүү күчтүү лидерлер ат салышууда. Бул жагдайда Чүйдүн калган лидерлеринин көңүлүн алуу Курманбек Бакиев үчүн канчалык маанилүү экени түшүнүктүү.

Ал эми оппозиция кол топтоо жаатында ийгилктерге жеткенин кабарлап жатат. Бирок нааразылык акцияларын уюштурууда жетишкендик азырынча байкала элек. Маселен, 26-майда Ак-Суу айылында жөө жүрүш, ачкачылык акциясын уюштуруу максатына жеткен жок. Эми Бириккен Элдик Кыймыл 31-майда Ысык-Көлдүн Түп районунда курултай уюштурууга камданууда. Өткөн жылы 28-апрелде оппозиция Каркырага байланыштуу Түп жүрүшүн уюштуруп, бирок анда чагымга кабылып, жүрүштү токтотууга аргасыз болгон.

Бул ирет да Түп районунун бийлиги курултай өткөрүүгө уруксат берилбегенин, ага жергиликтүү калк каршы болуп жатканын билдирди.Өткөн жылдагыдай чатак чыкпайбы деген суроого БЭКтин лидерлеринин бири Эмил Каптагаев мындай жообун берди:

- Эгерде жергиликтүү бийликте отургандар, же жогорку бийликте отургандар өздөрүнүн түпкүлүктүү кызыкчылыгын билбесе,үзгүлтүккө учуратууга аракет жасашы мүмкүн. Мен ачык эле айтайын, бул бийликке, Бакиевге шайлоого чейин эл ичи дүрбөбөй, тынч турганы пайдалуу. Эгерде ага чейин эл дүрбөп кетсе, шайлоодон үмүт үзсө болот. Эми алардын чагымга аракети бар. Биок биз да былтыркыдан сабак алганбыз. Даярдыгыбыз жакшы эле. Андайга жол бербейбиз. Курултай мыйзам чегинде өткөрүлөт. Тийиштүү арыздар жергиликтүү бийликке өз убагында берилген. Курултайга 5 миңдин тегерегинде эл катышат.

Ошентип, өлкөдө шайлоо кампаниясы күч алууда. Оппозиция бийлик административдик ресурсту катуу пайдаланып жатканын, бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер жана алардын жакындарынын тизмелери түзүлүп, катуу көзөмөлгө алынып жатканын билдирүүдө.

Саясат таануучу Марс Сариев өлкөдөгү президенттик шайлоо кампаниясынын жүрүшүнө мындай баасын берди:

- Негизи биз байкап жатабыз бийлик административдик ресурсту аябай пайдаланып жатканын. Угуп атабыз, региондордо элди аябай мажбурлап, өзгөчө бюджеттен айлык алгандардын тизмесин түзүп, мугалимдерди даярдап атканын.Бирок мен ойлоймун, канча элди кыйнап бийлик жакка тартса, ошончу тескери реакция болот.Анан оппозициянын аброю деле өсүп жатат. Бийлик жана саясат таануучулар бийлик жеңип баратат деп жатат. Бирок мен ага кошулбаймын. Азыр оппозициянын аброю өсүп баратат.

Ошол эле мезгилде бийлик сыртта колдоо алып жатканын, кандай болгон күндө да административдик ресурс күч экенин Сариев белгилей кетти.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG