Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Арабдар Барак Обаманын сөзүнүн касиетине тегиз ишенбейт


Барак Обаманын сөзүнүн кудурети Араб дүйнөсүн ойлонто алабы?
Барак Обаманын сөзүнүн кудурети Араб дүйнөсүн ойлонто алабы?

Президент Обама 4-июнда Каирде ислам дүйнөсүнө көптөн күтүлүп жаткан кайрылуусун жасайт. Ак Үйдүн өкүлү Роберт Гиббстин айтышынча, Обама өз сөзүндө АКШнын мусулмандар менен мамилесин жакшыртууга аябай дилгир экенин баса белгилейт. Обама ислам экстремизминин зобун иштери, Ирандын ядролук куралга жетүү аракети жана Израил-Палестин чатагы сыяктуу чиелешкен маселелерге да токтолот дешет байкоочулар.

Обама "террорго каршы согуш" деген сөздү колдонобу?

Барак Обама Кошмо Штаттардын ислам дүйнөсүнө урмат-сый менен мамиле кылганын кайрылуусу аркылуу көрсөтүүнү каалаганын ачык айткан. АКШнын биринчи ынды кара президенти бейшемби күнү жасачу кайрылуунун таасирдүү күчүнө жалпы мусулмандар ишенет деген натуура болор эле.

Барак Обама өзүнүн президент Буштан бөлөк саясат жүргүзгөнүнө араб дүйнөсүн ишендирүүсү керек.
“Көпчүлүк президент Обаманын визити жана сөзү Араб жана Ислам дүйнөсү менен байланыштын жаңы барагын ачат деген үмүттө. Ошондой эле президент Обама элдешүүнүн ачык жолун сунуш кылып, “террорго каршы согуш” деген терминди колдонууну токтотот деп күтүлүүдө. Жакынкы Чыгыш жаңжалынын ачкычы эсептелген Палестин маселесин саясый жактан жөндөөнүн жолун ортого салат деп үмүттөнгөндөр да бар”, дейт Каирдеги Стратегиялык жана саясый изилдөөлөр боюнча ал-Ахрам борборунун талдоочусу Имад Жад.

Обама өзү АКШ-ислам дүйнөсү арасындагы мамиле жалгыз эле Израил-Палестин чатагы эмес, Иран,
"Көпчүлүк президент Обаманын визити жана сөзү Араб жана Ислам дүйнөсү менен байланыштын жаңы барагын ачат деген үмүттө. "
Имад Жад
Сирия, Ливан, Ооганстан жана Пакистан аралашкан катаал проблемаларга багыңкы дейт. Анын Израилди Батыш Иордандагы палестиндерге караштуу жерлерге жөөт конуштарын курууну токтотууга чакыруусу Жакынкы Чыгышта тынчтык орнойт деген ишенимди жандандырды. Бул жаңжал басылса эле Ислам өлкөлөрү менен АКШнын алакасы оңолот дешет көпчүлүк араб лидерлери. Бирок, Израил премьер-министри Бенйамин Нитенйаху басып аланган жерлерде жөөттөргө турак-жай курбоо жөнүндөгү АКШ президентинин өтүнүчүн четке каккан.

Мустафа Акйол Ыстамбулдун “Hurriyet Daily News” басылмасынын саясый баяндамачысы. Анын айтышынча, Обаманын алдында Буштун администрациясы тушунда жаралган АКШ жөнүндөгү тескери пикирлерди өзгөртүү милдети турат:

- Маселе мында. Мусулмандардан адам укугу жана демократияны чектөөлөр жөнүндө сураганда, алар: "Ырас. Мындай проблема болсо болгондур. Эмне болду?” дешет. Андан кийин Батыштын тышкы саясаты тууралуу сурай башташат. Ошондуктан, Батыш, өзгөчө Кошмо Штаттар, чынында эле адилеттик тарабында экенин көрсөтүшү абзел деп айтаар элем. Ошондо балким АКШнын мусулман өлкөлөрүндөгү эркиндиктин жок экени, демократиянын тартыштыгын сындаганга мүмкүнчүлүгү кеңеймек.

Акйолдун оюнча, БУУнун Адам укугу жөнүндөгү универсалдык декларациясы менен адам укугу боюнча ислам көзкарашы арасында айырма болбош керек:

-Мусулман дүйнөсү жеке адамдын өз динин өзгөртүү укугуна ынануусу керек. Мусулман адам христиан динине өтсө, кээ бир мусулман өлкөлөрүндө андай адам куугунтукталышы ыктымал же анын үй-бүлөсү жана досторун чыккынчы катары көрүшөт. Президент Обама же батыштыктар берегидей мамилени өзгөртүүгө чакырат деген илгери үмүт бар.

"Барак Обама 4-июнда эң татаал сынактан өтөт..."

Вашингтондо чыкчу "Foreign Policy" журналынын редактору Блэк Хоуншелл бейшемби күнү Барак Обама өмүрүндө биринчи жолу өтө татаал жагдайда сөз сүйлөйт дейт:

- Бул Обама буга чейин жасаган кайрылуулардын эң кыйыны болот. 100 процент татаал демекчимин. Себеби, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнойт жана демократия жайылат деген ишеним жокко эсе. Обаманын Буштан бөлөк президент экенин көрсөткөнү жетишсиз. Региондо цинизм да кеңири жайылган. Серепчилер Обама Буш жасаган иштерди жаңы формада жасоодо дешет. Обама региондун лидерлерин дүйнөнүн эң караңгы жери - Жакынкы Чыгышты өзгөртүүгө шыктандырмак болууда. Алардын көпчүлүгү диктаторлор.

АКШ 50 жыл бою Жакынкы Чыгыштын диктаторлорун колдоп, демократиячыл күчтөргө жардам көрсөтпөгөнү араб дүйнөсүндөгү демократиялык маанайдагы адамдарды кооптондууда, деп кошумчалайт Хоуншелл. Бирок, АКШнын Сирия жана Алжир сыяктуу
"Обаманын визити өз ара карым-катнашты жакшыртат жана узактан бери келаткан Израил-Палестин проблемасын жөнгө салат деп үмүттөнөм."
Фатен Мустафа, эки баланын энеси.
авторитардык өлкөлөр менен мамилеси жаман экени маалым.

Египеттик жазуучу Фахми Хувайди президент Обаманын 4-июндагы кайрылуу сөзү ислам дүйнөсүнө өзгөрүүлөрдү алып келерине ишенбейт:

-Президент Обаманын Египеттеги визитине ашыкча көңүл бөлүнүүдө. Обама эми Ак Үйгө келген кезде же Түркиядагы сапары учурунда же Ноорузга байланыштуу Иранга жасаган кайрылуусунда АКШ Исламга каршы согушпайт деп айткандыктан, Ислам дүйнөсүнө кайра кайрылбайт деп ойлойм. Ал регионго Жакынкы Чыгыштагы жагдайдан улам келатат сыягы. Ошондуктан анын сөзү Ислам дүйнөсүнө эмес, Араб дүйнөсүнө арналат.

Египеттин кубаттуу оппозициячыл кыймылы -“Мусулман агайиндер” биринчи кезекте Вашингтондун арабдар менен Ислам өлкөлөрүнө болгон саясаты өзгөрүүгө тийиш, ансыз Барак Обаманын кайрылуусунан пайда жок деген пикирде. Саясый жана интеллектуалдык чөйрөлөрдөн айрымаланып, Каирдин карпайым калкы арасында президент Обаманын визитин чоң үмүт менен күтүшүүдө. Эки баланын энеси Фатен Мустафа Барак Обаманын сапары Израил-Палестин маселесин оң чечүүгө өбөлгө түзөт деген оюн билдирген “Азаттык” радиосуна:

- Обаманын визити өз ара карым-катнашты жакшыртат жана узактан бери келаткан Израил-Палестин проблемасын жөнгө салат деп үмүттөнөм. Ошондой эле бул визит араб дүйнөсүнүн чет өлкөлөрдөгү аброюн көтөрүүгө жана Американын араб дүйнөсүндөгү кадыр-баркынын жакшыруусуна жардамдашат деген ойдомун.

Президент Обаманын визити алдында Египеттин борбору Каирде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Күзөттөгү полициянын саны көбөйтүлүп, Нил дарыясындагы көпүрөөлөр менен өкмөттүк мекемелерди мыкты куралданган атайын аскерлер түнү-күнү кайтарууда.

XS
SM
MD
LG