Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Түркиянын ПКК уюму менен согушуна чекит коюлабы?


Түркия күрттөрдүн жикчил ПКК уюму менен чейрек кылымдан бери уланып келаткан согушунда жаңы жана чечүүчү маанайдагы баскычка жеткен шекилдүү. Бирок, адистердин пикиринде, ПКК маселеси биротоло чечилсе да, бул согуштун коомчулукта калтырган терең издери дагы көптөгөн жылдар бою өз таасирин тийгизмекчи.

Түркияда саясий ландшафт алмашып, бир учурда күрт тилинде сүйлөгөнү үчүн куугунтукталган депутаттар бүгүнкү күндө өлкөнүн Мажилисинде күрттөрдүн укугу үчүн күрөш жүргүзүп, мамлекеттик теле-радио компаниясында күрт тилинде такай берүүлөр уюуштурулуп жаткан кез.

Ирак менен, өзгөчө күрттөр басымдуулук кылган Түндүк Ирактагы күрт башкаруу менен мамилелер оңоло баштап, өлкөдө ПКК маселесинин аягына чыгуу үчүн аларга каршы мунапыс жарыялоо пикири дале талкууланып, коом ичинде “эми чыныгы тынчтык келер бекен” деген үмүттөр ашкере айтылып жаткан учур. Бул жагымдуу желаргы качанга чейин созулат, же андан кандайдыр бир майнап чыгабы - билиш кыйын. Бирок чейрек кылымдан бери созулуп келаткан бул согуш коом ичинде калтырган таасир дагы көптөгөн жылдар бою коомдун эсинен чыкчудай эмес шекилдүү.

Саясатчылар ПКК жана жалпысынан өлкөнүн күрт проблемасына чечим табуу менен алектенип, ошол эле учурда армия чыгыш вилайеттерде ПКК согушчандарына каршы күрөшүн жазбай улантып жатат. Бул аралыкта армия штабынын төрагасы Илкер Башбугдун Вашингтонго саякатка барып, АКШ армиясынын биргелешкен штабынын башчысы, генерал Майк Муллен менен жолугушту. Анда Вашингтондогу бардык жолугушууларында Түндүк Ирактан Түркиянын аймагына каршы чабуул уюштуруп келген ПККга каршы күрөштө АКШдан күчтүү кызматташтык талап кылуусу, армиянын ПККга соңку жана чечүүчү сокку жасоого даярданып жатканынан кабар берүүдө.

Маселенин социалдык жагын алып караганда жагдай алда канча таталырак көрүнөт. Ондогон жылдардан бери созулуп жаткан күрөштүн жүрүшүндө чыгышта Ирак чегара боюндагы шаар, шаарча, айыл жана кыштактарда жашаган миллиондогон адамдар конуш алмаштырууга аргасыз болушту. Алардын көпчүлүгү Стамбул, Измир жана Адана өңдүү чоң шаарларга көчүп, бул шаарлардын ансыз деле бычактын кырында турган демографиялык абалына кошумча оор түйшүк болду.

Көптөгөндөрү Диярбакыр, Мардин же Урфа өңдүү жергиликтүү шаарларга көчүп келип, чатыр үйлөрдө жашоого мажбур болушту. Алардын мектеп жүзү көрбөгөн жаш балдары, кээде паластиналыктардын Интифадасына кызыгып, полицияга таш ыргытса, айрымдары ПККнын катарына кошулушту.

XS
SM
MD
LG