Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

Молдовада оппозициянын ою орундалды


Молдова- Парламент 3-июнда да президент шайлай алган жок.
Молдова- Парламент 3-июнда да президент шайлай алган жок.

Молдовада оппозиция көздөгөнүнө жетти: шаршемби күнү парламентте экинчи ирет президентти шайлоого катышпай, бул ишти биротоло үзгүлтүккө учуратты. Эми парламент таркатылып, жаңы шайлоо өткөрүлөт.

Бул ирет да баары 20-майдагы шайлоодогудай болду: Зинаида Гречаная парламенттеги 60 депутат-коммунисттин колдоосун алды,бирок жетишпеген бир добуштан улам кайрадан президент болуп шайлана алган жок. Оппозициядагы 41 депутат бу жолу да шайлоого катышкандан баш тартты.

"Оппозиция бүгүн да президенттик шайлоону жыдытты. Эми парламентти таркатып, мөөнөтсүз шайлоо өткөргөнгө мыйзамдуу өбөлгө түзүлдү",-деп билдирди спикер Владимир Воронин. Өлкөдө жаңы парламент куралып, ал жаңы президентти шайламайынча мамлекет башчысынын мандаты Ворониндин колунда калат.

Воронин жаңы өкмөт, анын толук курамы бекитилмейинче парламентти таркатуу тууралуу жарлыкка кол койбой турганын эскертти. Премьер-министрликке кайра эле Гречанаяны көрсөтүп, ага 10-июндан кеч калбай кабинеттин толук составын аныктоону табыштады.

Өкмөттү шайлоо үчүн жөнөкөй көпчүлүктүн добушу жетишет.

Мамлекет башчысын шайлоо ишин экинчи ирет иритип, коомду узарган саясий кризиске алып келгени үчүн оппозицияны сынга алып, коммунисттер саясий атаандаштарын "түстүү төңкөрүш" жасаганы жатканы үчүн айыпташты жана өлкөнү алдыда "кара түнөк" күндөр күтүп турганын эскертишти.

"Өткөн шайлоодо берилген убадалар аткарылбай калды, элдин эрки тебеленди, экономикага эми инвестиция келери кыйындады, Молдованын эл аралык кадыр-баркы түштү". - Мунун баарын коммунисттер фракциясынын жетекчиси Мариа Постосу шаршемби күнкү окуянын болжолдуу гана чыгымдарына кошту. Создуккан саясий кризистин чыныгы кесепетин ал мындан жаман болот деп эсептейт.

Оппозициянын лидерлери болсо кечээки окуяны "маанилүү бурулуш", "тарыхый удул" таризде баалашты. Либералдар партиясынын найып төрайымы Корина Фусу "мөөнөтсүз шайлоо Молдовага өзүн кайра түзөп,нормалдуу турмушка жана мыйзамдуу жолго түшкөнгө мүмкүндүк берерине" ишенет.

Консерваторлордун "Биздин Молдова" бирикмесин жетектеген саясатчылардын бири Вячеслав Юнтила өлкөдө принциптүү жаңы оппозиция түзүлгөнүнө, ал өзүнүн биримдигин көрсөткөнүнө токтолуп, ушунун өзүн "тарыхый учур" деп атады.

Парламенттин мурдагы спикери,коммунист Мариана Лупу "Азаттыктагы" маегинде атаандаш тараптын ой-пикирин эске албай, көптүгүнөн жана көктүгүнө салып иш кылып жаткан өз партиясын сынга алды.

Лупуга демократтар алдыдагы шайлоодо биргелешип күрөшүүнү, атүгүл алардын партиясына өтүүнү сунуш кылып жатышат. Сыйкы, оппозициянын биримдиги "бузулгус жана кебелгис" көрүнгөн компартияга жик салганга жетишкен шекилденет.

Көз карандысыз саясий эксперттердин бири Анатол Натол компартия мунасалуу сүйлөшүүнү сунуш кыла албай, карышкан позициясы менен оппозицияны биринчи ирет баш кошконго аргасыз кылды деп эсептейт.

Мөөнөтсүз шайлоону коммунисттер жай этегине чейин өткөрүүнү көздөшүүдө.Мындай шартта добуш бергени шайлоочулар аз келиши ыктымал. А бирок шайлоо күзгө калса, анда жайкы каникулдан кайтып келген студенттер быйыл апрелдегидей эле оппозицияга чоң бел болуп бериши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG