Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Тянанмен аянтында коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Кытай полициясы жана коопсуздук күчтөрү демократиялык демонстрациялардын күч менен басылышынын 20 жылдыгын белгилөөгө жол бербөө максатында Бээжиндеги Тянанмен аянтын курчоого алышты. Өкмөт эскерүү демонстрацияларына тыюу салып, 20 жыл илгерки окуялар маалында набыт болгон, же дайынсыз жоголгон адамдардын санын жарыялоо талабын чекте какты. Андай маселени АКШ козгогон эле. Бээжин аны Кытайдын ички иштерине кийгилишүү катары баалады. 1989-жылдын 4-июнунда Кытай армиясынын танктары Тянанмен аянтына киргизилип, демократияны колдоо иретинде нааразылык чараларын өткөрүп жаткан студенттер менен жумушчуларга каршы күч колдонгон. Анда жүздөгөн, балким, миңдеген адам каза тапкан. Кан төгүүлөрдү эскерүү иш-чарасы Гонконгдо гана өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG