Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Түндүк Корея дүйнөнү коркутуу менен жардам үмтөтүүдө


Түндүк Кореяда бул сүрөттөгүдөй "көрсөтмө" шаарчалар бар, бирок элдин турмушу жакыр болгондуктан, өлкө сырттан жардамга муктаж.
Түндүк Кореяда бул сүрөттөгүдөй "көрсөтмө" шаарчалар бар, бирок элдин турмушу жакыр болгондуктан, өлкө сырттан жардамга муктаж.

Түндүк Корея Корей согушунан кийин кол коюлган элдешүүдөн баш тартып, ошондой эле ар кандай душманчыл аракеттерге куралдын күчү менен жооп бере тургандыгын эскертүүдө. Түндүк Корея ал келишим боюнча кандай милдеттенме алган, андан азыр эмне үчүн баш тартып жатат?

Өткөн айдын этегинде Түндүк Корея 1950-1953-жылдардагы Корея согушун токтоткон элдешүү келишиминен баш тарткандыгын жарыялаган эле.. Мунун алдында Пхенян жер алдында экинчи ядролук бомбасын сынаган. Элдешүү келишимине 1953-жылы кол коюлган, бирок расмий тынчтык келишими эч качан түзүлгөн эмес. Элдешүүнүн шарты боюнча Түндүк менен Түштүк Кореянын ортосунда 38 параллелди бойлой туурасы 4 чакырым келген куралсыз тилке түзүлгөн. Келишимге бир жагынан Түндүк Корея менен Кытайдын армия жетекчилери, экинчи жагынан АКШ баштаган Бириккен улуттардын өкүлдөрү кол коюшкан. Документке Түштүк же Түндүк Кореянын өкмөттөрү кол койгон эмес. Анда Түндүк Кореянын бул келишимди четке кагышы эмнени билдирет?

Сеулдагы Коокмин университетинин тарых профессору Андрей Ланковдун айтымында, Түндүк Кореянын бул келишимден чыгып жаткандыгы - курулай сөз, анткени Пхенян өкмөтү ал келишимге эч качан кол койгон эмес:

– Ал келишим боюнча Түндүк Корея өзүнө эч кандай милдеттенме алган эмес. Түштүк Корея да элдешүү макулдашуусуна кол койгон эмес. Ал келишим эл аралык эки жүздүүлүктүн карөзгөй мисалы болуп калган. Согуш алгач Түндүк менен Түштүк Кореянын ортосунда башталган. Ага кийин Америка, анан Кытай кошулган. Бул экөө акыры баштапкы кас тараптарды четке түртүп салып, өз арасында согуша баштаган. Башкалар да, Советтер Союзу да аралашкан. Акыры келишимге Бириккен улуттардын өкүлдөрү, ал эми каршы тараптардан Түндүк жана Түштүк Кореянын расмий таанылбаган куралдуу уюшмалары кол коюшкан. Түндүк Корея азыр болгону дүйнөнү дүрбөтүп, чуу салгысы келип жатат. Мындай көрүнүш буга чейин да болгон, мындан ары да болот берет.

Анда эмне үчүн Түндүк Корея коңшуларын да, дүйнөнү да түпөйүл кылган билдирүүлөрдү жасап жатат?

– Кеп акчада. Алардын каалаганы акча гана. Мында татаал эч нерсе жок. 2002-жылы АКШ Түндүк Корея менен сүйлөшпөй тургандыгын жарыялаган. Ошондо Түндүк Корея биринчи атомдук бомбасын сынап жардырган. Сынак анча ийгиликсиз болгон. Бирок төрт айдан кийин америкалыктар Пхенян менен сүйлөшүү башташкан. Вашингтон ар дайым сүйлөшкүсү келген. Бирок Түндүк Корея чуулган салып коркутканга кынык алып алды. Ошол эле мезгилде, өлкө ядролук бомбага ээ болгусу келет. Азырынча, Түндүк Корея ядролук куралды каалаган убакта пайдалана ала тургандай деңгээлге жете элек.

Түндүк Кореянын соңку кадамдарына Кошмо Штаттары Пхеняндын ядролук куралга ээ болушуна жол бербей тургандыгын жарыялоо менен жооп берди. Ушул айдын башында Сингапурга барганда АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс Түндүк Кореянын сынактары курал атаандаштыгын күчөтүп, Азиядагы кырдаалга кедергисин тийгизет деген тынчсыздануусун билдирди:

- АКШнын саясаты өзгөргөн жок. Биз Корея жарым аралыгынын ядролук куралдан толугу менен арылышын максат кылабыз. Биз Түндүк Кореянын ядролук өлкө болушун кабылдай албайбыз.

Сеулда Лаура Лиң менен Эуна Лини бошотуу талабы менен демонстрация өттү. 4-июн, 2009-жыл.
Анын аралыгында, Түндүк Кореяда эки америкалык журналист 12 жылга кара жумушка кесилди. Мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, борбордук сотто Лаура Ли менен Еуна Ли чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, ошондой эле «оор кылмыш жасашканы» далилденгендигин билдирди.

Америкалык Карент ТВ сыналгысында иштеген эки жрналист аял март айында Түндүк Корея менен Кытайдын ортосундагы чек арасында качкындар тууралуу программа даярдап жүргөндө кармалган. Жекшембиде АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон экөөнө коюлган айып негизсиз экендигин белгилеп, аларды бошотууга чакырды.

Клинтон мунун алдында Кошмо Штаттары Түндүк Кореяны кайрадан «терроризмди колдогон өлкөлөрдүн» тизмесине киргизээрин эскерткен эле.

XS
SM
MD
LG