Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Иранда өтө турган шайлоо Түркиянын басма сөз каражаттарында


12-июнда Иранда өтө турган шайлоо кошуна Түркиянын басма сөз каражаттарында да башкы тема болууда. Массалык маалымат каражаттары өзгөчө президент Махмуд Ахмединежад жана анын атаандашы Мир Хуссейин Мусавинин шайлоо өнөктүгүнө көңүл бурушууда.

“Заман” гезитинин саясий серепчиси Фикрет Эртан Ирандагы шайлоону “жаңы бурулуш чекити” деп мүнөздөгөн макаласында 1979-жылдан бери бул өлкөдө өткөрүлө турган онунчу президенттик шайлоо алдындагы өнөктүк бүгүнкү күнгө чейин болуп көрбөгөндөй кызуу кандуу, катаал жана ошончолук түстүү өтүп жатканын билдирет.

Шайлоо өнөктүгүнүн чегинде талапкерлер бирин-бири сынга алып жатканына көңүл бурган автор 12-июнда өткөрүлүүчү шайлоодо 475 талапкердин ичинен 4 киши, учурдагы президент Ахмединежад менен бак талаша турганын баяндайт. Өнөктүктүн жүрүшүндө Ахмединежаддын башкы атаандашы болгон Мусавинин аялы Захра Нахравардын жолдошун абдан колдоп-кубаттап жатышы - бул шайлоонун өзгөчөлүктөрүнүн бири катары болгонун бышыктаган автор, “меним пикиримде, бул шайлоонун натыйжасы Иран үчүн бурулуш учур болуп калмакчы” деген жоромол оюн билдирет.

“Миллийет” гезитинин кезектеги санында Ирандагы шайлоо тууралуу чыккан макалада, “шайлоо өнөктүгүндө реформачыл Мир Хуссейин Мусави президент Ахмединежадга жетип баратат” делинип, күн тартиптин башкы фигурасына айланып калган Мусавинин жазуучу аялы Захра Рахнавард чымыркануу менен күйөөсүн колдоп жатканы, митингдерге катышканы маалымдалат. Ахмеднежаддын Рахнавардды катуу сынга алуусу менен өлкөдөгү консерваторлордун добуштарын алууну ойлоп жатканы бышыкталган гезиттин макаласында, “бирок Ахмединежаддын Рахнавард менен чыры реформисттердин чырагына май тамызып жаткан сыяктанат” делинет.

“Иранда шайлоо күнү жакындаган сайын Ахмединежад менен кайым айтышуу аркылуу талапкерлерден Мусавинин аялы Иранда күн тартиптин төрүнө чыкты” деп жазылат NTV MSNBC сыналгысынын интернет баракчасында.

“Бүгүнгө чейин болуп көрбөгөн үлгүдөгү өнөктүк калктын бүйүрүн кызытып, Захра Рахнавард өзгөчө аялдардын укуктары жана саясий камактагылар темасын көтөрүү менен жолдошуна кошумча упай топтоодо” деп жазылган макалада, президент Ахмединежаддын Рахнавардды диссертациясын үй-бүлөсүнүн таасирин колдонуу менен коргоп чыккан деген айыптоосуна жана Рахнавард айымдын ага каяша жообуна орун берилген.

“Интернет Кабар” аттуу баракча болсо “Иранда айыгышкан шайлоо күрөшү” деген тема алдында жарыялаган макаласында коомдук пикирди сурап-билүүлөрдүн натыйжасына ылайык, Ахмединежад алдыда келатканын, ошондой эле бул шайлоо 30 жылдан берки эң маанлүү шайлоо экени белгиленет.

XS
SM
MD
LG