Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Иран да өзгөрүшү мүмкүн


Реформатор талапкер Мусавинин колдоочулары Тегеранда, 8-июнь, 2009-жыл.
Реформатор талапкер Мусавинин колдоочулары Тегеранда, 8-июнь, 2009-жыл.

Аббас Жавади – "Эркин Европа/Азаттык" радиолорунун директорунун орун басары. Ал Иран Ислам Жумуриятында ушул жума күнгө белгиленген президенттик шайлоого байланыштуу айрым олуттуу өзгөрүштөр орун алышы мүмкүн деп эсептейт. Бул комментарийде айтылган ой-пикирлер авторго тийешелүү жана алар сөзсүз эле "Азаттыктын" позициясын чагылдырбайт.

Иранда күтүлбөгөн окуялар такай болуп турат. Акыркы төрт жылда эл аралык коомчулук Ирандын президенти Махмуд Ахмединежаддын атын укканда эле итиркейи келчү болгон. Бирок учурда Ахмединежад Иранда бир жолку мөөнөттөн кийин кызматынан кеткен алгачкы мамлекет башчысы болуп калышы мүмкүн. Бул үчүн бирок шайлоочулардын шайлоого активдүү катышышы, жана бийликтер добуш саноону массалык бурмалабашы шарт.

Мындан эки ай мурда эле Иранда көпчүлүк «добуш берген куру убара, баары бир эч нерсе өзгөрбөйт» дегенчелик басмырт маанай үстөмдүк кылып жаткан эле.

Бирок азыр абал бөлөк. Оппозициядагы үч талапкер тең экономика, өкмөттүн иши, саясий эркиндиктер, тышкы саясат өңдөнгөн бардык орчундуу маселелерде учурдагы бийликке каршыккан турумду тандап алышты.

Алардын ичинен эң таасирлүүсү саналган экс-премер Мир Хоссеин Мусави өз кампаниясына жашыл түстү тандап алды. Өлкөдө бүгүн баары «бүрдөп» кетти: көчөлөрдө жайнаган жашыл жарнамаларды, жашыл жоолук, жашыл байрактарды көрөсүз. Жаштар колдоруна жашыл тасма байлап, Фейсбук сыяктуу интернет жамааттарында «Мен жашылмын, жайы да, кышы да жашылмын» деген өңдөнгөн саясий жанытмаларды таркатышууда. Мусави Ахмединежадды чучугуна жеткире сындап, Ирандагы экономикалык кризис, саясий репрессиялар, фракциялык аркан тартмай өңдөңгөн маселелерди кабыргасынан коюп жатат.

Мындан тышкары, Ирандын тарыхында биринчи жолу талапкерлер ортосунда сыналгы дебаттары элге түз көрсөтүлдү. Батыштагыларга ал талкуулар өтө эле сыпайы көрүнүшү мүмкүн, бирок аларда өкмөткө каршы мурдатан көмүскө калып келген айыптоолор ачык айтылды. Мамлекеттик сыналгыда биринчи жолу миллиондогон доллар акчанын ысырап болушу, студент демонстранттардын өлтүрүлүшү, бийлик чөйрөсүндөгү тууганчылык тууралуу сөз болду. Мындан бир нече ай мурда эле бул маселелерди козгогон гезиттер жабылып, журналисттер камакка алынчу. Башкасын айтпаганда да, мындай талкуулар Иранда элди кандайдыр бир өзгөрүү мүмкүн экен деген ойго түртүүдө.

Бул Ахмединежаддын бийликте саналуу күндөрү калды дегенди билдиреби? "Азаттыктын" фарси кызматынын саясий аналитиги Мехрдад Мирдамадинин эсебинде, президенттин колдоочулары өлкөдө 30-35 пайызды түзөт, алар негизинен - элетте жана чакан шаарларда жашаган жумушчулар. Дагы 30 пайыз эл эч качан добуш берүүгө барбайт. Калган 40 пайыз азыр кимге добуш берээрин чече элек. Ушуну эске алганда Мирдамади канчалык аз киши добуш берсе, Ахмединежадга ошончолук жакшы экендигин айтат.

Ирандын мурдагы президенти Мохаммад Хатами бийликте турган сегиз жылда өлкөдө экономика оңолуп, коомдогу чектөөлөр азайган, ошондой эле уранды байытуу токтогон.

Өлкөнүн диний жол башчысы Хаменейи азыр Ахмединежадды колдоп жатат. Бирок шайлоочулар мисалы Мусавиге артыкчылык бериши мүмкүн. Ал эми Мусави Хаменейинин сүймөнчүгү эмес экени жакшы маалым. Эгер шайлоочулар Ахмединежаддан башка бирөөнү тандаса, Иранда саясий, социалдык кырдаал да, өлкөнүн эл аралык туруму да өзгөрмөк. Исламдык система жок болуп кетпейт, бирок Иранда жашоо бөлөк нукка түшүшү ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG