Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

БЭКтин штабы Ысык-Көлдө бийлик Шайлоо Кодексин бузуп жатканын билдирди


23-июлда өтө турган президенттик шайлоого Ысык-Көл облусундагы бардык райондордо мекеме башчылары иштеп атканын БЭКтин облустагы штабы ырастады. Президенттикке талапкер А. Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Т. Көлбаевдин айтуусунда, кол топтоо учурунда Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынан майор Өмүрбек Жаманаков БЭКтин мүчөлөрүнүн колундагы кагазын күч менен тартып алган. “Ак жол” партиясына мажбурлап өткөрүлгөн Тоң районунун Кажы-Сай айылынын жашоочуларына башка партиянын талапкелерине добуш берсе катуу чара көрүлөөрү эскертилген. БЭКтин облустагы штабы жергиликтүү күч органдары менен бийликтин мындай кысымы Шайлоо Кодексинин 62 - беренесинин 7 -пунктуна каршы келээрин белгилешти. Бирок мындай дооматтарды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жокко чыгарууда. (RB)

XS
SM
MD
LG