Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:15

Бүгүнтөн тарта талапкерлер үгүт иштерин жүргүзө алышат


Президенттик шайлоого карата талапкерлерди каттоо жараяны аяктаганына байланыштуу бүгүн БШК төрагасы Дамир Лисовский журналисттерге маалымат берет. Ошондой эле Боршайком төрагасы маалымат жыйынында талапкерлердин үгүт иштери, алардын кандай өңүттө жүргүзүлөрү, маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылышы ж.б. жагдайлар тууралуу түшүндүрмө бермекчи. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Белгилүү болгондой 23-июлда боло турган президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо кечээ аяктаган. Шайлоого алты талапкер: Курманбек Бакиев, Жеңишбек Назаралиев, Темир Сариев, Алмазбек Атамбаев, Токтайым Үмөталиева жана Нурлан Мотуев ат салышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG