Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 20:15

Талас милициясы оппозициянын жоон топ тарапкерин кайра кармап кетти


“Азаттыктын” Таластагы кабарчысынын маалыматына караганда Талас районуна караштуу Долоно айылынын жанындагы жолдо оппозиция тарапкерлерин милиция кызматкерлери автоунааларга жүктөп алып кетишти. Милиция тосмого алган бул жерге БЭКтин тарапкерлери президент Бакиев жолугушуу өткөрүп жаткан “Манас-Ордо” комплексине баруу үчүн топтолушкандыгы буга чейин маалымдалган. Президент барганга чейин комплекске киргенге үлгүргөн оппозиция өкүлдөрүнүн бир тобун шаардык жана райондук милиция шашкеден тарта кармап туруп, акыркыларын түшкө жуук бошоткондугу мурда кабарланган. Түшкө чейин кармалып, кайра бошотулгандардын катарында БЭКтин, “Ата-Мекен”, “Асаба” партияларынын облустук, райондук лидерлери бар.(BuS)

XS
SM
MD
LG