Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:14

Ирандын көсөмү айатолла Хаменейи кайра шайлоо өткөрүүгө каршы


Ирандын руханий көсөмү айатолла Хаменейи
Ирандын руханий көсөмү айатолла Хаменейи

Ирандын руханий көсөмү айатолла Али Хаменейи 12-июндагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, жаңы шайлоо өткөрүү жөнүндөгү оппозициянын алты күндөн берки талабын жүйөсүз кеп деп, четке какты. Ал Ахмединежаддын жеңишин тастыктап, нааразылык акциялары токтотулбаса, пост-советтик кээ бир өлкөлөрдөгүдөй ынкылап чыгып кетиши ыктымал деп эскертти. Айатолла Хаменейи Ирандагы адам укугун бузууларды сындаганы үчүн Британияны "чыккынчы" деп атап, соңку дипломаттык араздашууга чыйыр да салды.

Ирандын руханий көсөмү айатолла Хаменейи 12-июндагы президенттик шайлоого кандай баа берерин өлкө жарандары жана эларалык коомчулук чыдамсыздык менен күтүп жаткан. Хаменейи жума күнү Тегеран университетинде намазгөйлөргө кайрылган кутпа сөзүндө президенттик шайлоону “ислам ыңкылабынын улуу жетишкендиги” деп атап, президент Ахмадинежаддын жеңиши жөнүндөгү ырасмий маалымат талашсыз деген бүтүмүн айтты:

-Биздин өлкөдөгү система шайлоону бурмалоого эч жол бербейт. Шайлоого катышкан ар бир адам муну билет жана ырастап берет. 11 миллион добуш айрыма болду. Айырма 100 миң же 500 миң же 1 миллион добуш болгон учурда, добуштар бурмаланды десек болот. Айырма 11 миллион добуш болуп жатканда, добуштар кантип уурдалсын?

Ошентип оппозициянын жаңы шайлоо өткөрүү жөнүндөгү талабын жана добуштар Ахмадинежаддын пайдасына бурмаланды деген ырастоолорун айатолла Хаменейи негизсиз деп, жокко чыгарды.

Тегеран университетине руханий көсөмдүн корутунду сөзүн он миңдеген түркүн мартабадагы адамдар куштарлана угушту. Элди, маалыматтарга караганда, бийлик уюштурган автобустар чар тараптан ташып келген.

Аятола Хаменейи шайлоонун жеңүүчүсү көчөдө эмес, үкөктөргө салынган бюллетендерди эсептеп аныкталганын айтып, Мир Хусейн Муссавинин таламын талашып демонстрацияга чыгып жаткан адамдар, эгерде бир балакет болуп кетсе, жоопко тартылаарын эскертти:

- Шайлоодон кийин көчөгө чыгып күрөшүү натуура иш жана демократия менен шайлоонун принциптерине ылайык келбейт. Баарыңарды бул туура эмес жолойду токтотууга үндөйм. Алар токтошпосо, нааразылык акциясынын кесепетинен чыкчу башаламандыкка өздөрү жооптуу болушат.

Ирандын баш айатолласынын сөзүн угууга Ахмадинежад жана анын эскичил атаандашы, ыңкылапчыл гвардиянын мурдакы башчысы Мохсен Резайи да келишкен эле.

Ырасмий жарыяланганга караганда, мурдакы реформачыл премьер-министр Мир Хусейн Мусави үчүн 13, 6 миллион адам же шайлоого катышкан элдин 34 пайызы добуш берген.

Шайлоо адилет өтпөдү деген негизги талапкер Мусавинин түмөндөгөн жактоочулары алты күн бою нараазылык акцияларын өткөрүп, дүйшөмбү күнү өкмөтчүл жарым аскерий күчтөр менен болгон кагылышта кеминде жети адам окко учкан.

Хаменейи тынч демонстрацияга өз укуктарын коргоо үчүн чыккан адамдарга колсалууларды тышкы күчтөрдүн кутуму катары сыпаттады жана бийликке кысым көрсөтүү кээ бир пост-советтик өлкөлөрдөгүдөй ыңкылапка алып барышы мүмкүн деп мекендештерин төңкөрүш аракетинен этият болууга чакырды.

Британия бийлиги Ирандагы шайлоочулардын укугу бузулганын сындаганы үчүн “чыкынчы” деп аталды.

Буга байланыштуу британ премьери Гордон Браун Ирандын Лондондогу элчисинине телефон кагып, мындай деди:

- Мен адам укугун жактап сүйлөө, репрессияга каршы сүйлөө, зобун-зордуктуу айыптоо, эркин маалымат каражаттарынын өз ишин аткаруусуна жол бербөөсүн сындоо - биздин укугубуз деп ишенем. Биз муну уланта беребиз. Жалгыз эле биздин өлкө эмес, бүтүндөй дүйнө бул жөнүндө айтууда.

Ирандагы шайлоого жооптуу Сакчылар кеңеши Ахмадинежаддын үч атаандашын ишемби күнгө алардын дооматтарын талкуулоого чакырды.

Оппозиция 600дөн ашуун түрдүү мыйзам бузууларды каттаган. Мохсен Резайинин айтышынча, айрым аймактар боюнча шайлоочулар 140 пайызга добуш берген учурлар бар.


Соңку кабарлар:

Иран өкмөттүк сыналгысынын ишембиде (20-июнда) кабардашынча, Сакчылар Кеңеши талаш-тартыштуу президенттик шайлоодогу добуштар салынган кутулардын 10 пайызга жакын бөлүгүн терип кайра санап чыгууга даяр экенин билдирди. Оппозициялык эки талапкер – Мир Хусейн Мусави менен Мехди Карруби Сакчылар Кеңешинин бүгүнкү жыйынына келбей койгону да маалымдалды.

Иранда руханий жетекчиликтин эскертүүсүнө карабастан, 12-июндагы шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп нааразы болгон калайык бүгүн (ишембиде) да нааразылык жыйынына чыгууга камынууда. Ирандын Коопсуздук кеңеши болсо жеңилгендиги расмий жарыяланган реформачыл президенттик талапкер Мир Хусейн Мусавиге мындан аркы нааразылык иш-чараларынын кесепеттери үчүн өзүң жооп бересиң деп ишембиде эскертти.

Видео тасма:



Иран: А. Хаменейи шайлоону таанууга чакырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:23 0:00

XS
SM
MD
LG