Башкаала Тегерандан түшкөн кабарларга караганда, кечээ чачыранды түрдө өткөн нааразылык акцияларынан кийин шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Шаардын оппозиция лидери Мир Хоссеин Мусавинин таянычы катары эсептелген түндүк бөлүгүндө кечинде тик учактар учуп жүрдү, атылган октун үндөрү угулду. Ирандын диний көсөмү Аятолла Али Хаменейинин эскертүүсүнө карабай, ишемби күнү болгон демонстрациялар учурундагы кагылыштардан, мамлекеттик теленин билдиргенине караганда, бери дегенде 10 каза тапты, 100дөн ашууну жаракат алды. Иран полициясы ошондой эле коомдук мүлккө шек келтирди деген жүйөө менен 457 адам камакка алынганын билдирди.
Иранда көчө жүрүштөрүнө 12-июндагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына макул болбогондор чыгууда. Анда азыркы президент Махмуд Ахмадинежадга утулду деген оппозиция лидери Мир Хоссеин Мусави кечээги билдирүүсүндө адамдар калпка жана көз бойомочулукка каршы чыгууга укуктуу экенин белгилеген. Мусави шайлоо кайра өткөрүлүүсүн талап кылууда.